Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Нарын облусу, Нарын 15.05.2018 14:10

Нарында ак илбирсти коргоо максатында «Мен жана менин чөйрөм» аттуу көргөзмө уюштурулду (фото)

Turmush -  Бүгүн, 15-майда Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетинин үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү мектебинин имаратында ак илбирсти коргоо максатында «Мен жана менин чөйрөм» аталышындагы көргөзмө уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган көргөзмө «САМР Алатоо» коомдук фондунун «Борбордук Азиянын бийик тоолуу аймактарында климаттын өзгөрүүлөрүнө ыңгайлашуу үчүн экосистемалык ыкма» регионалдык долбоору жана Германия эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) колдоосунун негизинде уюштурулган.

Аталган көргөзмөгө Ат-Башы районундагы 5 орто мектептин окуучуларынын эмгектери, мугалимдер менен биргеликте биология, ботаника, география жана химия боюнча тарткан сүрөттөр жана жазуулар, видеорликтер көрсөтүлдү. Андан соң көргөзмөнү мыкты деңгээлде даярданган окуучуларга сыйлыктар берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×