Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Ош

Ош облусун интеграциялап өнүктүрүү: Облус башчы менен БУУнун өкүлү долбоорду ишке ашырууну талкуулашты

Turmush -  Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев БУУнун өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Озонниа Ожиелону кабыл алды.

Аймактык кабарчынын маалыматына караганда, жолугушууда «Ош облусун интеграциялап өнүктүрүү» долбоорун ишке ашыруу талкууланды. Долбоорго Кара-Кулжа, Ноокат жана Өзгөн райондорундагы 17 айыл аймактын 30 айылы камтылган. Анда негизги максат катары адамдык дараметти туруктуу өнүктүрүү жана чыр-чатактардын алдын алууга шарт түзүү, экономикалык иш-аракеттерди жакшыртуу, таза суу жана жумуш менен камсыздоо, социалдык-экономикалык инфраструктураны калыбына келтирүү сыяктуу түрдүү мүмкүнчүлүктөрдү түзүү каралган.

Ош облусунун башчысы Т.Сарыбашев эки тараптуу кызматташуу үзүрлүү жүрүп жатканын айтып, ыраазычылык билдирди. Ал Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында көп иштерди аткаруунун, кызматташтыкты арттыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал эми БУУнун өкүлү Озонниа Ожиелдин айтымында, долбоор алкагында жумуштар ыраттуу жана жемиштүү жүрүп жатат. Ал долбоорду ишке ашырууда чогуу иш алып барып жаткандыгы үчүн жалпы кыргыз элине жана бийлик өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.

Расмий жолугушуудан соң кеңейтилген чөйрөдө жыйын өттү. Ага айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү жамаат өкүлдөрү катышып, ишке ашып жаткан долбоордун жыйынтыктарын талкуулашты. Күндүн экинчи жарымында келген коноктор менен чогу Өзгөн районунда долбоордун алкагында жасалып жаткан жумуштарды жеринен көрүп келишти.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 351
Көп окулду
×