Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 15.05.2018 11:05

Ысык-Көл облустук ооруканасынын гемодиализ бөлүмүнө 2,1 млн сомдон ашык каражатка тетиктер алынды (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын гемодиализ бөлүмүнө 2,1 млн сомдон ашык каражатка тетиктер алынып берилди. Бул тууралуу Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай жардам облус элинин саламаттыгына кам көрүү, облустун медициналык тармагын жакшыртуу максатында Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан көрсөтүлүп, облустук бирикен ооруканасынын жасалма бөйрөк иштетүүчү алты аппаратына 2 млн 117 миң 800 сомго герман тетиктери алынган.

Буга чейин Ысык-Көлдүн эли Бишкек, Нарын, Балыкчы шаарларына барып дарыланып, бир топ кыйынчылыктар болуп келген. Оорукананын жааматы колдоо көрсөткөн Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна ыраазычылык билдиришти.

«Бизге гемодиализ аппараты 2006-жылы алынган болчу. Анын эскилиги жетип, тетиктери бузулуп, иштен чыгып калган. Ошол себептен бейтаптарыбызды бөлүп, гемодиализ алуу үчүн Бишкекке, Нарынга, Балыкчыга жөнөтүп жатканбыз. Азыркы күндө Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнгөн 2 млн 117 миң 800 сомго Германиядан тетиктер алынып, аны Бишкектен келген адистер орнотуп беришти. Учурда 6 аппарат тең жакшы иштеп жатат. Башка жактан гемодиализ алып жаткан бейтаптар кайра кайтып келишти. Бизге буга чейин да Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду чоң жардамдарды берип келген. Мындан улам биздин жалпы жаамат өзүбүздүн жана дарыланып жаткан бейтаптардын атынан фондго ыраазычылык билдиребиз», - дейт оорукананын гемодиализ бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Долонова.

Ал эми Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун башкаруу боюнча дирекциясынын директору Алмаз Осмоновдун айтымында, фонд тарабынан облустун саламаттыкты сактоо тармагына бир нече жардамдар көрсөтүлүп келет.

«Гемодиализ аппараттары бейтаптардын өмүрүнө өтө маанилүү болгондуктан анын тетиктерин тез арада алып бердик. Аны менен эле чектелбестен жакынкы арада 5 млн 200 миң сомго төрт даана гемодиализ аппаратын алып берүүгө тендер жарыяланууда. Максатыбыз облустун элинин ден соолугуна кам көрүү», - дейт А.Осмонов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×