Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Жалал-Абад облусуАксы району 14.05.2018 19:08

Түштөн кийин Аксыдагы 2 айыл өкмөттө сел жүрдү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 14-майда саат 16:00 чамасында катуу жаандан кийин Аксы районуна караштуу Кош-Дөбө, Ак-Жол айыл аймактарында сел жүрдү. ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Дайыр Каримовдун айтымында, нөшөрлүү жаандын суусу райондогу 20 турак үйдүн короосун каптаган.

«Кош-Дөбө айыл аймагындагы 20 үйдүн короосун, чарбактарды суу каптады. №12 жол тейлөө мекемесине караган жолдун 2-3 тилкесин да сел алган. Жалал-Абад—Кербен жолундагы көпүрөдөн суу ашып, үйлөрдүн короосуна чейин кирди. Ошондой эле Ак-Жол айыл аймагындагы №38 жол тейлөө мекемесине караган жолдун Кечүү, Райкомол айылдарына баруучу тилкесин суу каптап кетти. Учурда селдин суусу токтоп, анын кесепеттерин жоюу, чыгымды тактоо иштери жүрүп жатат», - деди Д.Каримов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×