Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Баракелде, Бишкек 14.05.2018 13:33

Фото — Сочи шаарына учуп келген С.Жээнбековду аэропорттон кимдер тосуп алды?

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-майда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн Россия Федерациясынын Сочи шаарына учуп келди.

Президенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, мамлекет башчысын аэропорттон Сочи шаарынын мэри Анатолий Пахомов, Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик протоколунун департаментинин башчысы Игорь Богдашев жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев тосуп алышты.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында Бирликтин алкагында соода-экономикалык өз ара аракеттенишүүнүн актуалдуу маселелери, ошондой эле эл аралык кызматташуу жана Евразиялык мейкиндикте мындан аркы интеграциялоо маселелери талкууланат.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбековдун Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин, Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян менен эки тараптуу жолугушуусу болжолдонууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×