Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Баракелде, Бишкек 13.05.2018 13:56 На русском

Бишкектеги түнкү клубга ууландыруучу истүү газ чачып кетишти

Turmush -  Бишкек шаарынын борборунда жайгашкан «Метро паб» түнкү клубуна белгисиз адамдар истүү газ чачып кетишти. Окуя бүгүн, 13-майга караган түнү саат 01:00 чамасында болгон.

АКИpress агенттигине клубдун директору Эмил билдиргендей, экинчи залда кече өтүп жатканда газ чачылып, кардарлардын бардыгы сыртка чыгарылган.

Окуя болгон жерге келген медицина кызматкерлери кардарлардын абалын текшерген. Адамдар жаракат албаганын клубдун өкүлү билдирди.

Клубдун администрациясы газ атаандаштар тарабынан чачылышы мүмкүн экенин божомолдоп жатышат. «Биз дайыма коопсуздукту көзөмөлдөйбүз. Кечээ коллектив абдан ыкчам иштеди. Милицияга дүйшөмбү күнү арыз менен кайрылабыз, көзөмөл камерасына түшкөн видеону даярдап койдук», - деди Эмил.

Аталган клубга ууландыруучу истүү газ чачылганын социалдык түйүндүн колдонуучулары да жазып чыгышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×