Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Нарын облусу, Нарын 10.05.2018 17:06 Жаңыланды: 10.05.2018 19:05 На русском

«Кошуналарым баламдан коркуп, жардамга келбейт»: Нарында лотереядан уткан унаа үчүн уулу апасын сабаган

Turmush -  Нарын шаардык соту өзүнүн апасын ур-токмокко алган Артыктын (аты өзгөртүлдү, К.у.А.) кылмыш иши боюнча чечим чыгарды.

Соттун токтомундагы маалыматка караганда, Артык 2017-жылдын 11-сентябрында, 7-9-ноябрында жана ушул жылдын 31-январында Нарын шаарында 53 жаштагы апасы Бактыгүлдү (ата өзгөртүлдү, Ж.Б.С.) токмоктогон.

Соттолуучунун айтымында, апасынан кечирим сураган. Ал өз алдынча жашап, апасынын тынчын албоого убада берди.

Жабырлануучу Бактыгүл ушул жылдын 31-январында уулу эртең менен баштап, түшкө чейин сабаганын билдирди. Анын айтымында, мындай окуя бир нече жолу болгон. Урушка алар лотереядан утуп алган унаа себеп болгон. Алар унаа утуп алгандан кийин Артык кылмыш жасап, түрмөгө отурган.

«Биз ал унааны учурда жашап жаткан үйгө алмашкан болчубуз. Артык түрмөдөн чыккандан кийин сатылып кеткен унааны кайтарып берүүбүздү талап кылып, мени ур-токмокко алып баштады. Бир нече жолу милицияга арыз менен кайрылып, бирок уулумду аяп, тосмо арыз жазып берген элем. Милицияда ал мындай окуя кайталанбай турганын айтып, бирок үйгө келгенде мени сөгүп, бир нече ирет сабады. Анын кесепетинен ооруканага жатып чыктым. Артык акыркы жолу мени сабаганда башыма, көзүмдүн айланасына согуп, ооруканада дарыландым. Кошуналарым баламдан корккону үчүн жардамга чакырсам келишпейт. 6 жаштагы кызым тез жардам чакырып, ооруканада мени карап жатты», - деди жабырлануучу.

Жыйынтыгында сот Артыкты Кылмыш-жаза кодексиндеги 111-берененин 1-бөлүгүнүн (такай уруп-сабоо же болбосо башка зомбулук аракеттер менен азап-тозокко салуу) негизинде күнөөлүү деп таап, 5 миң сом айып салды. Сот анын иш-аракетин өнөкөт кылмыш деп эсептөө токтомун чыгарган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×