Бөлүмдөр
Жекшемби, 27-май
Чүй

Улуу Жеңишке 73 жыл: Кыргызстандын аймактарындагы майрамдык салтанаттар (фоторепортаж)

Turmush -  Жоокерлердин суудай аккан канына уюп калган сууну ичкен күндөр, кулакты тундурган жарылуу, баш айландырган туман, ар кандай ыкмалар менен багытынан адашкан жоокерлердин туш тарапка атылган октору, жакын дос болуп калган куралын, салмагы өзүнөн оор жабдыктарды кучактаган бойдон топурак алдында калган өмүр, колу-бутунан, башка мүчөлөрүнөн айрылып, жарым жан болсо да тайманбастыкты көрсөткөн жоокерлер...

Күндөп-түндөп талаада, ысык-суукта буудайдын бир даны үчүн жан үрөгөн кыз-келиндер, кары-картаңдар менен жаш балдар…

Мунун баары азыркы тынчтык заманда күн кечирип жаткан замандаштарыбыз үчүн жомок катары туюлушу толук мүмкүн. Бирок бул кашкайган чындык. «Тынчтыктын кадырына жетели», - деп чакырган ардагерлерибизге ушул күн, жыргал заман, тынч жашоонун пайдубалы үчүн чексиз таазим кылабыз. Эч ким, эч качан унутулбайт…

9-май — Жеңиш күнүнүн 73 жылдыгы Кыргызстандын аймактарында салтанаттуу белгиленип жатат. Бүгүнкү күндүн башкы каарманы болгон согуштун жана эмгектин ардагерлерине чексиз таазим кылган мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү, жашоочулар, жаш муун, наристелер аталарын куттуктоо менен оюн-зоокторго, майрамдык салтанатка күбө болуп жатышат. Turmush басылмасынын кабарчылары ар бир райондо, айылдардагы майрамдык салтанаттын жүрүшүн бул жылы да толугу менен чагылдыруу үчүн кызматта болушту.

-------------------------------------------------------------------------------------

Бишкек

Бүгүн борбордун миңдеген тургундары менен меймандар чогулуп, «Өлбөс полк» акциясынын катышуучулары Байтик баатыр, Ж.Абдрахманов жана Фрунзе көчөлөрүн басып өтүштү. Бул жүрүштү өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков баштап, Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгондордун тизмесинде катталган чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун сүрөтүн көтөрүп чыкты.
-------------------------------------------------------------------------------------
Ош
Ош шаарындагы борбордук аянтта Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына арналып согуш темасын камтыган сахналаштырылган оюн-зоок, спектаклдер көрсөтүлдү. Согуш ардагерлери үчүн аскер бөлүктөрүнүн талаа ашканасы тарабынан даярдалган ботко берилип, ыр-бийлер да тартууланган.

Майрамдык салтанатка биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева, шаар тургундары жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери күбө болушту.

-------------------------------------------------------------------------------------

Нарын

Нарын шаарындагы Тянь-Шань сейил багында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп, чет элдик коноктордун катышуусунда курман болгон ардагерлер эскерилип, өчпөс отко гүлчамбар коюлду.

Жумгал районунда да Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы салтанаттуу белгиленип, ардагерлерге көмүр алуу үчүн сертификаттар жана райондук социалдык фонддон 5000 сомдон акчалай жардам тапшырылды.


Кочкор районундагы мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, жергиликтүүлөр дагы «Өлбөс полк» акциясына активдүү катышып, Жеңиш күнүн салтанаттуу белгилешти.

-------------------------------------------------------------------------------------

Жалал-Абад

Жалал-Абад шаарында ардагерлерди куттукташып, жөө жүрүшкө транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Турдалы Темирбаев, шаардык кеңештин төрагасы Мураталы Тагаев баштаган мекемелердин жетекчилери катышты. Алар «Эркиндик» аянтынан, ал эми жаштар «Байэл» базарынан тарта «Жеңиш» эс алуу багына чейин келишкен.

Токтогул районунда Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата 5 боз үй тигилген. Ал эми согуштун ардагерлери, ооруктун эмгекчилери борбордук аянтка лимузин менен алынып келди.

Кара-Көл шаарында алгач Жеңиш багында митинг-реквием болуп, согушта курман болгон аталардын жаркын элесине арналып куран окулуп, эстеликке гүлчамбарлар коюлду. Андан соң, шаардын Ленин борбордук көчөсүндө «Өлбөс полк» акциясы уюштурулуп, ага №718 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы, шаардагы мамлекеттик жана жеке менчик 20 мекеме-ишкананын кызматкерлери катышты.

-------------------------------------------------------------------------------------

Талас

Жеңиш күнүнө карата Талас шаарындагы Баатырлар паркында митинг-реквием өттү. Таласта бүгүнкү күндө Улуу Ата Мекендик согуштун 25 ардагери бар.

Ошондой эле Талас шаарындагы борбордук аянтта аскерлердин катышуусу менен жүрүш уюштурулуп, ага жергиликтүү тургундар, согуш ардагерлери күбө болушту.

-------------------------------------------------------------------------------------

Баткен

Баткен шаарында ардагерлерге ысык чай берилип, согушта курман болгондордун урматына тургузулган эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, куран окулду. Андан соң эстеликтен борбордук стадионго чейин жүрүш уюштурулду.

Баткен облусунан Улуу Ата Мекендик согушка 20 миң 766 жоокер кетип, алардын ичинен 14 миң 200 адам кайтпай калган. 6500 адам кайтып келип, бүгүнкү күндө облуста 24 ардагер бар.

-------------------------------------------------------------------------------------

Ысык-Көл

Каракол шаарындагы салтанаттуу жүрүшкө шаардыктар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, студенттер жана окуучулар катышты.

Бүгүн Чолпон-Ата шаарынын тургундары да ардагерлердин сүрөттөрүн көтөрүп, «Өлбөс полк» акциясынын алкагындагы жүрүшкө чыгышты. Андан соң эстеликке гүлчамбар коюлуп, майрамдык салтанат патриоттук ырлар менен коштолду.

Учурда Ысык-Көл районунда согуштун 7 жана ооруктун 73 ардагери бар.

Балыкчы шаарында Улуу Жеңиш майрамы аскердик техникалардын парады менен коштолду.

-------------------------------------------------------------------------------------

Чүй

Кара-Балта шаарында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата уюштурулган майрамдык иш-чара бүгүн, 9-майда саат 08:00дө башталды.

Ал эми Ысык-Ата районунун тургундары Сын-Таш айылынан Кызыл-Арык айылына чейин жөө жүрүш жасашты.

Панфилов районунда Жеңиш күнүнүн 73 жылдыгына арналган иш-чарага жергиликтүүлөр болжолдуу 15 миңге жакын адам катышканын айтышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4260
×