Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Чүй

Моңголияда унутта калган кыргыздар: Айрым салттар, маданият жана макал-лакаптары (3-бөлүк)

Turmush -  Моңголиядагы кыргыздар каза болгон адамдын сөөгүн боз үйдөн алып чыгып кеткенден кийин ошол жерге от жандырып коюшат. Алар жашаган Моңголиянын батышындагы Баян-Өлгий аймагында интернет байланышы, социалдык торчо, айфон деген нерселердин аз болгондугу алардын маданияты нукура боюнча өтө өзгөрө электигинен кабар берет.

Ошондой эле аталган аймактан 100-150 км аралыктагы жерде рун тамгалары менен жазылган түркологияда анча белгилүү эмес эстеликтер бар. Мунун баары Кыргыз Республикасы, кыргыз бийлиги, кыргыз илимпоздору унутта калтырган кыргыздарбыз деп атаган моңголиялык замандаштарыбызга байланыштуу кызыктуу фактыларды изилдөөнүн, алар менен мамлекеттик деңгээлде байланыш түзүүнүн зарылдыгын белгилейт.

Карта. Кыргызстан - Баян-Өлгий

Turmush басылмасы өздөрүн кыргызбыз деп атап, бирок документинде башка улут көрсөтүлүп турган Баян-Өлгий аймагындагы (облус) элдин жашоо-турмушу, салт-санаасы, баалуулуктары, жалпы эле моңголиялык кыргыздар тууралуу маалыматтарды окурмандарга жеткирүүнү улантат.

Кыргызстандык илимий кызматкер А.Сабыр уулу менен моңголиялык аял

Баян-Өлгий

Тили бурулуп, унутта калып баратса да кыргыз экенин белгилеген Моңголиядагы кыргыздар (1-бөлүк)

АКИ-TV — «Мен кыргызмын»: Моңголияда унутта калган кыргыздар (2-бөлүк, фоторепортаж)

Моңголиядагы кыргыздарбыз деп атаган элдин жашоосу, алардын санжырасына кызыгып, жалпы санжыраларга байланыштуу маалыматтарды топтоп жүргөнүн айткан философия илимдеринин кандидаты, доцент Кылычбек Эркинбеков көпчүлүктүн шарапаты менен жашоо улантуу көндүмүнөн чыгып, өздөрүнүн улутун белгилеп көрсөткөн элдин эрдигине өзгөчө таңданган. Анын айтымында, адатта азчылыктын көпчүлүктөн суурулуп чыгышы өзүнчө эрдик.

«Моңголиянын батышында жашап, паспортунда казак экени көрсөтүлүп турганы менен өздөрүн кыргызбыз деп атап жатышат. Талаада кой кайтарып жүргөн орто жаштагы эркек киши дагы "мен кыргызмын" деп айтып, кыргызстандык делегациядан Талас тууралуу сурап жатканын көрдүм (видеотасмадан). Алардын документинде башка улут деп жазылган, тили да бурулуп кеткен, бирок кыргыз экенин ата-бабасынан уккан аманат боюнча сактап, улутун белгилеп айтып жатканы өзгөчөлүк», - деди К.Эркинбеков.

Кыргызстандык экспедиция менен Баян-Өлгийдеги кыргыздар

Баян-Өлгий (2)
Кыргыз илимий чөйрөсүндө Моңголиядагы кыргыздарга байланышкан изилдөөлөрдүн натыйжасындагы так маалыматтар жокко эсе. Азырынча Моңголияда кыргызбыз деп атаган замандаштарыбыз менен бетме-бет жолугушуп, таанышып келген жалгыз экспедициянын маалыматтарын негиз кылсак болот.

Бул экспедиция (Моңголияга жалпы 8 адам барган) фольклордук-диалектологиялык багытта 2016-жылдын сентябрь айында жумага Моңголияга уюштурулуп, анын алкагында Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Манас бөлүмүнүн ага илимий кызматкери, филология илимдеринин кандидаты Мурат Садыров, Манас бөлүмүнүн илимий кызматкери Амангелди Сабыр уулу жана Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун илимий кызматкери Өмүрбек Качкынбаев 3 күнгө Баян-Өлгийге барууга мүмкүнчүлүк табышкан. Кыргызстандыктарды кубануу менен тосуп алган жергиликтүүлөр, Моңголиядагы белдүү дарыгерлердин бири Бейшен Булан жергиликтүү элдин жашоосу менен тааныштырып чыкканын айтышты.

Учурда моңгиялык кыргыздардын арасында ар тармактуу кесипти аркалагандары бар. Алардын негизги чарбасы мал чарбачылык болуп, үйүр жылкы, короо кой кармап, материалдык колдоого муктаж эмес.

Алардын бир гана суранычы — Кыргыз Республикасы, кыргызстандыктар менен байланышта болуу жана өздөрүн кыргыз улуту катары таанытуу, кыргыз катары каттоого алынуу. Моңголиядагы кыргыздар такыр унутта калып, каттарына, кайрылууларга такыр жооп болбогонун Бейшен Булан Turmush басылмасынын кабарчысы менен телефон аркылуу байланышканда дагы белгилеген эле.

Бейшен Булан (оңдо) менен Мурат Садыров (солдо)

Бейшен Булан
Баян-Өлгийдеги кыргыздар менен көзмө-көз жолугуп келген илимий кызматкер Амангелди Сабыр уулу Turmush басылмасына Моңголияда жашаган кыргыз бир туугандар менен Орто Азиядагы кыргыздардын айрым салттарын, маданиятын жана макал-лакаптарын салыштырып айтып берди.

Амангелди Сабыр уулунун маалыматы (өзгөртүүсүз берилет): Монголия аймагында кыргыздардын жашаган же жашабагандыгы боюнча так маалымат жоктогуна байланыштуу ыргылжың болуп жатып, экспедициянын маршруту да башкачараак түзүлгөн. Монголиядагы кыргыздар жөнүндө кыргыз окумуштуулары, саясатчыларынын арасында так, бирдиктүү маалымат жок болгон. Кээ бир окумуштуулар гана Монголиянын бир аймагы болгон Ховд деген жердеги кыргыздарга жолукканын жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирген. Бирок саналуу гана адамдарга жолукканын айтышкан эле.

Ал эми Монголия Эл Республикасындагы «Монгол-кыргыз уюмунун» жетекчиси накта көчмөн кыргыздар жок экендигин ырастап, бир гана монгол болуп кеткен кыргыздар жана Монголияда окуп жүргөн студент-кыргыздар бар экендигине ынандырды. Анын айткандарына ишенбей коё албайсың, анткени көп жылдан бери «Монгол-кыргыз уюмун» жетектеп, ошол жердеги кыргыздар менен (монгол болуп кеткен кыргыздар) тыгыз байланышта болуп, монгол-кыргыз элдеринин ортосундагы окшош сөздөр жөнүндө китептин башкы редактору болгон киши кантип эле Монголиядагы кыргыздар жөнүндө билбей калсын деген ойго келесиң. Демек, кыргыз коомчулугунда да, монгол элдеринде да Монголиядагы кыргыздар жөнүндө кеңири маалымат болгон эмес. Эмнеге деген суроо туулат. Анткени мындай кырдаалдын пайда болушуна эки фактор таасирин тийгизиши мүмкүн.

Биринчиси: Монголиядагы кыргыздардын санжырасы Токтомамбет (Курман) деген кишиден башталат. Ал кайсы бир себептерден улам болжолдуу түрдө азыркы Монголия-Кытай-Россия-Казакстандын чек арасы бириккен жерге 15-16-кылымдарда качып барган. Ал жерде казактар жайлап, ошол жерди жердешчү экен. Керей деген адамдын жанында жүрүп эр жетип, Акман деген казактын кызына үйлөнүп, 9 балалуу болот. Балдарына кыргыз экенин айтканда, алар кайра кыргыз жергесине кайтуу боюнча чечим чыгарып, бирок каракчылар кол салып, жетөө каза болот. Ошондон Талас жана Бүкүш деген эки бир тууган калат. Талас ошол жолун улантып, кыргыз жергесине кетет. Монгол кыргыздарынын пикиринде Талас деген өрөөн ошол жерден келген кыргыздын атынан аталган дешет экен. Ал эми Бүкүш монгол жергесинде таякелеринде калып, казактар менен очор-бачар болуп кеткен. Алар менен тыгыз байланышта болгондуктан көпчүлүккө таасирленип, бири-бирине сиңишип кеткен. Ачыгын айтып коюш керек, ал жердеги кыргыздардын сүйлөө речи, кийген кийимдери казактардыкына окшоп калган. Анын үстүнө XX кылымдын баш ченинде Кытайдын Кашкар тарабындагы казактар миңдеп көчүп келип, Баян-Улген (Баян-Өлгий) аймагына отурукташып, мурдагы казактар менен кошо алардын саны мурдагыдан да көбөйүп, кыргыздарды өзүнө сиңире баштаган. Кыргыз-казактар бири-бири менен тыгыз байланышта болуп жүрүп, маданий, тилдик айырмачылыктар көп болбогондон кийин, монгол эли деле элдин көпчүлүк санын түзгөн этностун аты менен эле «казак» деп атап калышкан чыгар.

Экинчиден: Союз мамлекети чачырап, дүйнөдө баш аламандык башталганда Монголияны айланып өткөн эмес. Мамлекеттеги кыйынчылык кыргыз-казактардын башына түшкөн. Ошондо казактар чогулуп, Казакстанга кат жазып, көпчүлүгү көчүп кеткен экен. Дал ушундай эле кадам жасаган кыргыздар да курултай өткөрүп, жалпы элдин чечими менен кыргыз өкмөтүнө кат менен кайрылган. Бирок Кыргыз Республикасынан жооп болбогондон кийин үмүттөрү өчүп, ошол мезгилде паспорт өкмөт тарабынан берилип жатканда баардыгынын паспортуна «казак» деп жазылып калган дейт. Андан кийин Роза Айтматовага Монголияда өткөн конференциядан жолугуп, арманын айтышкан. Аскар Акаевич Монголияга барып, Кыргыз-Нор көлүнө барганда, Монгол бийлиги жолуктурбай койгонун өздөрү айтып беришти.

Дал ушундай биригүүгө болгон кадамдар бир тараптуу болуп, алгылыктуу жыйынтык чыккан эмес. Ушундан улам алардын да үмүтү өчүп, мамлекеттик деңгээлде көтөрүлүп, Монголияда да кыргыздар бар деп чыгышкан эмес. Ошондуктан монгол журту да казактардын арасында жашаган он миңге чукул кыргыздарды эч айырмалабастан казактар деп билишсе керек. Биздин Монголиядагы кыргыздарды тапканга дал ушундай факторлор тоскоолдук кылган чыгар. Бирок жергиликтүү кыргыздар балдарына жана тууган-туушкандарына, иштешкен адамдарга, чет жакка чыкканда кыргыз экендигин жашырбай эле айтышат экен.

Монголиянын Баян-Улген деген аймагында 8-10 миңдин тегерегинде кыргыз бар экендигин бизди ошол жерден тосуп алган Бейсен (Бейшен) Булан (Бейсен эмчи деп да коюшат) деген ошол аймактагы абдан кадыр-барктуу дарыгер менен жолукканда айтып берди. Ал адам 10-15 жылдай ошол аймактагы мамлекеттик бейтапканада эмгектенип, кийин өзүнчө клиника ачып кеткенин айтып көргөздү. Элдердин кайрылганына караганда алдыңкы дарыгерлердин катарында экен. Мына ошол адам кыргыздар жашаган аймактын барын көргөзүп, кыргыздардын болжолдуу санын атап, кээ бир фольклордук материалдардын топтолушуна көмөк көргөздү. Дал ошол материалдарды өз ара бөлүп алып, анализге алмакчыбыз.

1. Диний ишенимдери жана кошок ырлары

2. Макал-ылакаптары

Диний ишенимдери жана кошок ырлары. Жалпы көчмөн элдеринде диний ишеними алгачкы шаман, теңирге ишенүү культтарынан улам жалпы маданий фундамент курулган десек болчудай. Анткени бул жердеги кыргыздарда деле макал-ылакаптары, адам өлгөндө жасала турган ырым-жырымдары алгачкы ишенимдин көлөкөсүнөн кабар берип турат. Адам дүйнөдөн өтүп кеткенден кийин отурук коомдогудай үйлөрдө турса да боз үйдүн оң жак бетине чыгарып, кошок ырлары айтылып, туугандары мал союп, айыл-апалар өкүрүп келишет экен. «Эсил кайран...» деп, ким өтүп кетсе ошонун наамын улап айтышат жана эң кызыгы — адамдын сөөгүн боз үйдөн алып чыгып кеткенден кийин ошол жерге от жандырып коймой адаттары бар экен. Мындагы жөрөлгөлөр Орто Азиядагы кыргыздардыкындай эле, бир гана айырмачылыгы — шам жагып коймой адаттары. Ошол от жандырып койгону — өтүп кеткен адамдын жаны кала берет жана от адамды тазартуучу касиетке ээ болгондуктан анын жанын тазартат деген анимисттик ишенимдин калдыгы чыгар. Биздей эле ислам динин бекем сактап, шарияттын жол-жоболору менен жаназа намазы окулуп, куран түшүрүлүп, бейишке-тозокко кетти деген ишеним менен жашашат экен.

Адам өтүп кеткенде жакындары болгон аялы, кызы, келини тарбынан кошок кошуу да бар.

Келиндин кайненесине кошкон кошогунан:

Кудурети күштү кудайым,
Ишке бир салды ау күйүнүш.
Этип сапар шеккен соң,
Корадан кетти – ау жилыс.
Белегир асып күн конды,
Белкудык маңы түн болды
Доспын деп келген дүңгениң
Адам эмес, жын болды.
Этимнен айрылып,
Жигерим менин күм болды.
Уйкусуз өткөн түн болду,
Күлкүсүз өткөн түн болду.

Кыргыз кошоктору сыяктуу эле кошокту дээрлик маркумдун жакындары кошот экен. Бул жерде келини кайын энесинин өтүп кеткенине өкүнүп, кайгырганын жаратканга билгизип жатат. Кошок кошуу түшүнүгү көчмөндөрдө, айрыкча кыргыз элинде абдан сакралдуу мааниге ээ болгон. Анткени кошуу деген сөздүн этимологиясына токтолсок, анда бир нерсени бир жерден экинчи жерге кошуу дегенди түшүндүргөн. Адам өлгөндөн кийин аны тиги дүйнөгө кошокчулар өздөрүнүн ырлары менен кошуп жатат деп кабыл алсак болот. Ошондуктан бул процесс көчмөн баласы үчүн эң бир негизги көрүнүштөрдүн бири десек болчудай. Ошол адамдын өтүп кеткенине кайгырып, муңун билгизип жатат.

Мындай маанидеги кошоктор кыргыздарда да бар:

Карчыга кушту качырдым,
Кара бир белди ашырдым.
Кадырман Өтө досумду,
Кара бир жерге жашырдым.

Эки кошокто тең адамдын карып калса да эрте өткөнүнө кайгырып, дагы да жасачу иштери бар эле дегидей өңүттө каласың. Эки кошокто тең образдуу ой жүгүртүүлөр орун алганын баамдасак болчудай.

«Белегир асып күн конды,
Белкудык маңы түн болды» (Монголиялык кыргыз)

«Карчыга кушту качырдым.
Кара бир белди ашырдым». (Кыргыз)

Макал-ылакаптар. Монгол кыргыздарын дээрлик көпчүлүгү жайлоолордо малчылык менен алектенип, үйүр-үйүр жылкы, короо-короо кой багып, жайлоолордо жашашат экен. Азыркы постиндустриалдык коом менен чатагы жок болгондугу, капитализимдин кеңири массага сиңбегендиги, акча, пайыз, киреше түшүнүктөрү кичине бар, бирок, жалпы журтка жайыла электиги алардын күнүмдүк турмушта пайдаланган макалдары — Жамааттан бөлүнсөң өлгөнүң сыяктуу макалдар.

Мисалы:

Суудан шыкса балык өледи,
Элден шыкса жалгыз өледи.

Адам адамдан өссө да,
Элден аспайды.

Элин жамандаган эр оңбос,
Эрин жамандаган аял оңбос.

Жети атасын билмеген жетесиздик,
Руын билмеген үлгисиздик.

Көпке топырак шашпа,
Көптү жамандаган көмүсүз калады.

Элге сымаган, жерге сыймайды.

Тексиз кыз алма,
Теги жарымагандын саркытын ичпе.

Бул сыяктуу макалды байма-байма кайталанганы салттуу коомдо жашап жаткандыктарынан кабар берет. Бул макалдар азыркы кыргыз коомчулугу үчүн жарым-жартылай актуалдуу десек болот. Биз да батыштын индивидул-эгоисттик маанайдагы маданий баалуулуктары каптап, көпчүлүктүн, улуунун сөздөрүн бучкагына теңебей, жалгыздын укугу жалпы элдин укугунан жогору болгон заманда өмүр кечирип жатабыз.

Кыргыз элинин бай маданий мурасы анимисттик, шамандык, теңир динине ишенген жоокерчилик мезгилде пайдубалы түптөлгөнүнө кыргыз эпостору, макал-ылакаптары, кошок-угузуу ырлары, кыймылдагы бийлери, обондогу ырлары далил боло алат. Кыргыз баласынын феномени жаратылыштын теңдигин сактап, тең салмактуулугун бузбаганга аракет жасаган. Ошол аракеттери макалдарында:

- Көккө түкүрсөң көзгө түшөт;

- Суу менен ойносоң чөгөсүң, от менен ойносоң күйөсүң;

- Суу кордогон кор болор деп айтылган.

Монгол кыргыздарынын да маданиятынын бай түбүн түзгөн, кылымдар мурун пайда болсо да өз актуалдуулугун жоготпогон анимисттик, фетиштик, политеисттик маанайдагы кыска жана нуска сөздөр бар экендигин мисалга тартабыз.

Монгол кыргыздарында:

- Ажал айтып келбейт, жастык кайтып келбейт;

- Аш бала ток бала менен ойномойду, ток бала аш болом деп ойломойду;

- Ат айланып казыгын табады, эр айланып элин табады;

- Адам ашпаймын деген эшигин үч ашады, ат баспаймын деген жерин үч ашады

- Кол карышына тартады, сур ийинине тартады.

Бул макалдардагы маанилердин кыргыз эли биринчи гана сүйлөмдөгүлөрүн пайдаланып келебиз. Мүмкүн бизде деле толук варианты бардыр, бирок кеңири масса биринчи гана сүйлөмдөгүлөрдү пайдаланат.

Жыйынтыктап айтканда, монгол кыргыздарынын маданиятын окуп, алардын пайдаланган жөрөлгөлөрү, ырым-жырымдары, макал-лакаптары ошол жерде жашаган казактардан эч айырмаланбай калган. Саналуу кыргыздын саны жагынан көп казакка ооп кеткени илимде нормалдуу көрүнүш. Анткени азчылыкты көпчүлүк сиңире баштайт. Мектепте кыргызча эмес, казакча окутулса, райондук депутатка да азчылыктан эмес, көпчүлүктөн шайланып барары жаңылык эмес. Качып барган кыргызга казак үй берип, мал берип, кызын берип жатса, кантип кыргызча сүйлөшүң керек деп талап коет. Кыргыз жергесине кетем деп балдарынын чыкканы деле атасынын кичик күйөө болуп, кайындарда жүргөндө уулдарынын сөзү кыска болорун билсе керек. Кыргыздарда «Жээн эл болбойт, желке тоң болбойт» деген кеп эске түшөт.

Ошондуктан сүйлөгөн сөздөрүнүн баары казакча экендигин алардын кошокторунан, макалдарынан байкасаңар керек. Бирок калың казак журтунун арасында жашап жатып, кой кайтарган малчысынан баштап, ошол чөлкөмдүн дарыгерине дейре «Мен кыргызмын» деп айтып жатса, «Жок, сен казакташып, же монголдошуп кеттиң» деп айтканга эч кимдин моралдык укугу жок.

Жогорудагы монгол кыргыздарынын бир кичинекей бөлүкчөсүнө илимий анализ кылуу менен төмөндөгүдөй жыйынтыкка келдим.

Биринчи, монгол кыргыздарынын маданияты жерден тамырын жулуп ала элек мезгил экени алардын маданиятынан билинип турат. Алар табиятты сыйлап, зыян келтирбей, боор тартып, зыянкечтик ой жүгүртүү бара элек.

Экинчи, жалпы жамааттын кызыкчылыгы биринчи планга коюлуп, уюмдашып жашоо кечирген мезгил экендигин баамдасак болот.

Үчүнчү, интернет, социалдык торчо, айфон деген нерселердин аз болгондугу алардын маданияты нукура боюнча абдан өзгөрө электигинен кабар берет.

Төртүнчүдөн, монгол кыргыздарынын маданиятынын көп өзгөрүүгө дуушар боло электиги, биз үчүн жакшы нерсе. Анткени бизде сакталбаган маданияттын үлгүлөрү алардан чыгышы мүмкүн. Тилекке каршы, убакыт аз болгондугуна байланыштуу аз гана материалды алганга үлгүрдүк. Кудай буюруп, дагы илимий экспедиция уюшулуп калса, түп-түз эле Монголиянын Баян-Улген аймагындагы кыргыздарга жана ошол жерден 100-150 км аралыктагы жерде рун тамгалары менен жазылган түркологияда анча белгилүү эмес эстеликтерге жерге баруу.

Бешинчиден, монгол кыргыздарынын бизге чоң өтүнүч менен кыргыз бийлиги менен жолугушуу уюштуруп берүүнү кайра-кайра өтүнүп жатышты. Ошондон улам мындай ойго келесиң, биринчиден, Кыргыз Республикасы тарабынан аларга саясий колдоо керек. Монголияда кыргыз элчилиги жок болгондуктан биз алар жөнүндө толук маалыматыбыз да жок болгон. Эми минтип бар экендиги такталгандан кийин Монголияга элчилик ачуу зарылдыр... Экинчиден, алардын кыргыз тарыхы, тили, маданияты жөнүндө жеткиликтүү маалыматы жок экендигин байкадык. Ошондон улам, алардын жаштарына кыргыз окуу жайларынан окуганга, билим алууга мүмкүнчүлүк түзүп берсек...

Моңголиядагы кыргыздардын тарыхы, жашоосуна байланыштуу ар кандай багытта кызматташууну каалаган тараптарды редакция менен байланышууга чакырабыз.

Электрондук дарек: aimak.akipress@gmail.com; WhatsApp: 0554 65 60 25.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 15659
×