Бөлүмдөр
Жума, 21-июнь
Баракелде, Бишкек 03.05.2018 11:51 На русском

Бишкек 1973-жылдагы кирдеген Лос-Анжелеске окшош, - америкалык окумуштуу

Turmush -  Бишкек шаары 1973-жылдагы кирдеген Лос-Анжелеске окшош. Мындай салыштырууну америкалык окумуштуу-эколог Майкл Броди жасады.

Анын айтымында, АКШнын шаарларынын бири — Лос-Анжелес 1973-жылдан баштап эң кирдеген аймактардын катарына кирген. Окумуштуунун пикири боюнча Бишкек аталган шаарга окшош.

«Биз зыяндуу заттарды иштеткен заводдордун бардыгы абага эң ири өлчөмдөгү газды тарата турганын түшүнүшүбүз керек. Мисалы, бүгүнкү күндө Лос-Анжелесте 5 млн адам жашайт. Заманбап технологиялар жана мониторингдин негизинде учурда ал шаар такыр башкача көрүнүштө», - деди эколог.

М.Борди аталган шаарда транспорт технологиясы да өзгөртүлгөнүн белгиледи.

«Калифорнияда технология өзгөргөндө, ал Американын бардык аймагында өзгөрөт. Биздин автоунаа компанияларыбыз алгач буга макул болбой, бирок узак процесстен кийин макулдугун беришти. Технологияны өзгөртүү үчүн мотивация керек. Таза технология — биздин экономиканын негизги инновациясы. Технология канчалык жакшы болсо, экономика ошончолук жакшы болот. Автоунаа тармагындагы рынок үчүн болгон күрөш технологияны жакшыртууга алып келди. Муну менен абага тийгизген терс таасирлер азайды. Көмүрдүн көлөмүн кыскартып, булгануунун булагын түшүнүү зарыл», - деди окумуштуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×