Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Баракелде, Бишкек 23.04.2018 14:06 На русском

Прокурордун унаасын жардыруу: Соттолуучу 21 жылга эркинен ажыратылды

Turmush -  Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясы Авчи Алиев 20-апрелде Башкы прокуратуранын ички иликтөө бөлүмүнүн улук прокурору Эркин Курманалиевдин унаасын жардыруу иши боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде АКИpress агенттигине соттолуучунун жактоочусу Бактыбек Жумашев билдирди.

Отурумдун жыйынтыгында судья соттолуучу Төлөгөн Айтмырзаевди 21 жылга эркинен ажыратты.

Жактоочунун айтымында, соттолуучу менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөндөн кийин өкүмгө даттануу маселеси чечилет.

Окуя тууралуу:

2016-жылдын 29-июлунда саат 09:00 чамасында Бишкек шаарына жакын Орто-Сай айылында жардыруу болуп, анын кесепетинен Башкы прокуратуранын кызматкери жабыркаган. Ал оң көзүнөн жана манжаларынан айрылган. Ошол эле күнү кечинде №4 шаардык оорукананын дарыгерлери Э.Курманалиевге операция жасашкан болчу.

Буга чейин соттолуучу адам Э.Курманалиевдин алыскы тууганы экени айтылган.

Кылмышка шектүү Т.Айтмырзаевдин үйүн тинтүүдө ок атуучу куралдардын бир нече түрлөрү, ок-дарылар, жардыруучу түзүлүштөр, тапанчанын көп сандагы октору, гранаталар, үнүн басып аткыч менен тапанча, мылтык, детонатор табылган.

Мындан тышкары, Ысык-Көл облусунда өзүнүн таанышынын үйүнө курал-жарактарды жана документтерди: чолок мылтык, тапанча, жарык берүүчү жана үн чыгаруучу граната, көп сандагы окторду, уруксат берүүчү системанын штамптарын, ИИМ башкармалыгынын мөөрүн, курал-жарак алып жүрүүгө уруксат берүүчү бош бланкаларды катып койгону аныкталган. Ошондой эле анын тууганынан Калашников үлгүсүндөгү автомат табылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×