Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Чүй облусу 21.04.2018 13:10 Жаңыланды: 21.04.2018 16:32 На русском

АКИ-TV — «Мен кыргызмын»: Моңголияда унутта калган кыргыздар (2-бөлүк, фоторепортаж)

Turmush -  Чыгыш Азияда жайгашкан Моңголия Элдик Республикасында төрөлүп, ошол жерде өсүп, өздүгүн аныктаган документинде казак экени көрсөтүлүп турганы менен өздөрүн кыргыз деп атаган бир ууч замандаштарыбыз тууралуу мүмкүн уккандырсыз. Өзүн моңголиялык кыргыз-казак деп атаган Бейшен (Бейсен) Буландан алынган, Курман уруусунун санжырасы китебиндеги маалыматтарга таянсак, Моңголиянын батышындагы Баян-Өлгий деп аталган аймагында 100 миңден ашык казактар жашашат. Алардын арасында Токмамбеттен тараган кыргыздар бар. Учурда алар казак жана моңгол тилдеринде эркин сүйлөшөт.

Буга чейин Моңголиядагы калкан безге операция жасоо боюнча биринчи даражадагы саналуу дарыгерлердин бири Бейшен Булан Turmush басылмасынын кабарчысы телефон аркылуу байланышканда дагы Баян-Өлгий аймагындагы кыргыздар казак улуту катары каттоого алынып, Кыргыз Республикасы тарабынан такыр унутта калганын белгилеген. Анын айткандарын Кыргызстандан бир да тарыхчы моңголиялык кыргыздар тууралуу толук кандуу илимий иштер менен алектенбегени далилдеп турат. Моңголиядагы кыргыздар, алардын тарыхына байланышкан тарыхый маалыматтар орус окумуштуулары негиз салган илимий иштер менен жана Кыргызстандан экспедицияга барган тилчи, адабиятчылардын маалыматтары менен гана чектелет.

Тарых илимдеринин кандидады, доцент Рыскул Жолдошовдун пикири боюнча, Моңголиянын аймагындагы учурдагы кыргыздардын түбү Ала-Тоо кыргыздарынан бөлүнгөнү белгилүү, бирок качан, кайсы мезгилде экенин эч ким так биле албайт. Ал эми тарых барактарында моңголиядагы кыргыздар тууралуу орусиялык Григорий Потаниндин 1876-1878-жылдардагы саякаты учурундагы маалыматтарда айтылган.

Turmush басылмасы кыргыз илимий чөйрөсүндө Моңголиядагы кыргыздарга байланышкан маалыматтарды издеп жатып, алар менен жолугушкан алгачкы экспедициянын мүчөлөрү менен байланышты. Бул экспедиция (Моңголияга жалпы 8 адам барган) фольклордук-диалектологиялык багытта 2016-жылдын сентябрь айында Моңголияга уюштурулуп, анын алкагында Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Манас бөлүмүнүн ага илимий кызматкери, филология илимдеринин кандидаты Мурат Садыров, Манас бөлүмүнүн илимий кызматкери Амангелди Сабыр уулу жана Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун илимий кызматкери Өмүрбек Качкынбаев 2-3 күнгө Баян-Өлгийге барууга мүмкүнчүлүк табышкан. Кыргызстандыктарды кубануу менен тосуп алган Бейшен Булан жергиликтүү элдин жашоосу менен тааныштырып чыкканын айтышты.

«Эл аралык конвенциянын эрежесине ылайык бир аймакта жашаган башка улуттагы элдин саны 100 миңге жетпесе өз алдынча улут катары катталбайт. Бейшен Булан уулу 1991-92-93-жылдары Моңголиядагы кыргыздар 2-3 миңдин тегерегинде, 400 түтүн болчубуз деди. Андан бери 10 миңге жетсе керек.

Баян-Өлгий абдан кенен аймак экен. Жашоочулары көбүнчө мал чарбачылык менен алектенет. Бизди Бейшен Булан өзүнүн жеке ооруканасы жана жайлоодогу малчылар менен тааныштырып чыкты. Кыргызстандыктар сөзүбүзгө орусча кошуп сүйлөсөк, алар казакчага моңголчо кошуп сүйлөп калышкан. Ал эми жашоо деңгээлинде биздеги 70-80-жылдардагы абал көрүнүп турат.

Алар атасын кыргыз, энесин казак деп атап, кыргыз болуп катталсак деген изги тилеги бар экен. Ушул маселеге мамлекеттик деңгээлде көңүл буруп, тарыхчылар изилдеп, олуттуу аракеттер жүрсө... Биз тараптан өтө көңүл кош мамиле болуп жатат», - деди М.Садыров.

Моңголиялык кыргыздардын арасында илимпоздор, мугалимдер, ар кандай кесиптин ээлери бар. Бирок негизинен мал чарбачылыгы менен алектенип, ар бир кыргыз үй-бүлөдө бери дегенде 50 жылкы бар экенин, айрымдары 150гө чейин жылкы күтө турганын айтышкан. Ошондой эле 3 миңге чейин кой баккан кыргыздар бар экенин кошумчалашты.

Экспедициянын мүчөсү Сабыр уулу Амангелди белгилегендей, моңголиялык кыргыздар өздөрүн материалдык жактан толук камсыздай алышат. Алар болгону Кыргызстандан саясий колдоо күтүшөт.

«Бейшен Булан дагы райондук кеңештин депутаты болуп эмгектенип, кадыр-барктуу адамдардын бири экен. Ал эми алардын тили казакташып кеткени боюнча тилдеги ассимиляцияны эске алуу керек. Кыргыздар казактар менен жуурулушуп калгандыктан, маданияты, тили да таасир этет. Ал эми кыргыз-казактардын окшош жактары көп. Эң негизгиси ал жактагы эл өздөрүнүн улутун кыргыз деп аташат экен. Мисалы, жайлоодо кой катарып жүргөн адамдан "улутуңуз ким болот?" деп сурасак, "кыргыз болот" деп жооп берди. Ошол чөлкөмдө жашаган эл өздөрүн кыргызбыз деп атап жатканы маанилүү», - деди А.Сабыр уулу.

Ал эми бул аймактагы элдин тамак-ашы кыргыздардын ашканасынан дээрлик айырмаланбайт. Алардын дасторконунан быштак, чөбөгө, сары май жана быштактан жасалган сырды көрүүгө болот. Ошондой эле жайы-кышы менен кымыз үзүлбөйт.

«Бейшен Булан бизди жайлоо менен тааныштыруу үчүн чыгып бара жатканда келинине куурдак бышырып кой деп тапшырган. Кайра барсак биздин кадимки беш бармак бышып турган экен. Көрсө, алар беш бармакты куурдак дешет экен», - деп кошумчалады А.Сабыр уулу.

Бул жолугушуудан кийин Мурат Садыров моңголиялык кыргыздардын өтүнүчүн Жогорку Кеңештин депутатына расмий билдирип, алардын өтүнүчүн орундатууга мамлекеттик деңгээлде аракет көрүүнү суранган. Бирок андан бери бул багытта аракеттер баштала элек.

Филология илимдеринин кандидаты Мурат Садыровдун Моңголиянын Баян-Өлгий аймагындагы кыргыздар менен болгон жолугушуу тууралуу билдирүүсү (өзгөртүүсүз берилди): «КРнын Улуттук илимдер академиясынын Гуманитардык жана экономикалык бөлүмү жана Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан Республиканын аймактарында жана Монголия мамлекетине илимий экспедиция уюштурулган эле. Улуу тарыхы бар байыркы кыргыз ата-бабаларыбыздын өчпөс изи калган Монгол жергесинде, алигиче изилдөөгө алына элек, ал тургай унутта калган тарыхый эстеликтер бар.

2016-жылдын 24-сентябрынан 8-октябрга чейинки мезгил аралыгында КРнын Улуттук илимдер академиясы тарабынан уюштурулган илимий экспедиция, 840-жылы Улуу Кыргыз каганатынын даңктуу тарыхы башталган Хар Балгас аймагындагы Орхон дарыясынын жээгиндеги Ордо Балыктын урандылары калган жерде болду. Ушул күнгө чейин бир да кыргыз барып, ушуга окшогон ата-бабаларыбыздын издери калган Күлтегин, Билгекаган бабаларга арналып жазылган таш эстеликтерге урпактардын атынан жок дегенде такталарды илип койгонго жарабаптырбыз.
Илимий экспедициянын дагы бир милдети — Монголиянын Түндүк-Батышында, Орусиянын Тоолуу Алтай өрөөнү менен чектеш жайгашкан Байан-Өлгий аймагында жашаган кыргыздар менен жолугуу эле. Бул аймактагы кыргыздар негизинен Улаангус, Сагсай, Бугат, Ногооннур жана ошондой эле аз болсо да Хобду чөлкөмүндө жашашат. Монголиядагы кыргыздардын жалпы саны кээ бир такталбаган маалыматтарга караганда, 400 түтүн же болбосо 2 000 – 3 000 адамды (мүмкүн 10 000 миңге жетет дешти) түзөт.

Өзүнүн кесиби боюнча хирург, Байан-Өлгий шаарчасынын башкы дарыгери болуп көп жылдары эмгектенген, өзүн кыргызмын деп интернет булактарына жарыялап жүргөн Булан уулу Бейшен менен жолугуу үчүн УлаанБаатар шаарынан Хобду жергесине адегенде учак менен 5 саатча учуп, андан соң 200 чакырым жол азабын тартып, жалпы 1700 чакырымды басып өттүк.

Булан уулу Бейшенден, Курман уруусунун санжырасы (Улаанбаатар-2015) китебинен, интернет булактарынан алынган маалымат боюнча: Монголияда 100 миңден ашык казактар жашашат. Алар Курман уруусуна болжолу 3 миң жылда сиңип кеткен, азыркы күндө алардын көбүн Токмамбеттен тараган кыргыздар түзөт.

Учурунда Курман аттуу казактын жалгыз кызы Акмаңдайга үйлөнүп, андан 9 балалуу болгон Токмамбет аттуу кыргыз, кайсы бир белгисиз себептерден улам азыркы Таластан жер которуп кеткен имиш. Кытайдын Алтай тоолорунда күн өткөрүп, көчүп-конуп жүргөн кооптуу күндөрдүн биринде күзөттө турган Талас, Бөкүш деген эки уулунан башкасы түнкү каракчылардын колунан курман болуп, тирүү калган Таластын урпактары ата-бабасынын жерине кайтып, Бөкүштүн урпактары Кытайга ооп кеткендиги айтылат. Таластан тараган кыргыздар Кытайда да болушу мүмкүн. Монголияны мекендеп турган кыргыздар XIX кылымда Кытайдан ооп келген Бөкүштүн тукумдары.

Тили дагы казакташып, өздөрү да казак деп аталып калган кыргыздар 1990-жылдары СССР кулаганда, ошол мезгилде Кыргызстандын президенти болуп турган Аскар Акаевге кат жазып, өздөрүн кыргыздар экендигин айтып, жаңы алып жаткан паспортко кыргыз деп жазылууну самашкан экен. Бирок тилекке каршы, Кыргыз Өкмөтү тарабынан эч жооп болбогондуктан, алардын улуту казак боюнча калган.

"Өткөөл мезгилдин оорчулугун тартып жаткан мезгилде Казакстандын президенти Н.Назарбаев боордошторуна кам көрүп, 78 миң казак Казакстанга көчүп кеткен. Биз деле Кыргызстанга көчөлү деген ниетте болгонбуз, бирок көчмөк турсун, жооп да ала алган эмеспиз", - дейт маектешибиз Булан уулу Бейшен.

Азыркы күндө жалпы эле элдин жашоо-турмушу оңолуп, Кыргызстанга көчөйүн деген ниеттери жок экендигин, бирок өздөрүнүн түпкү теги болгон кыргыздар менен байланыш түзүп, Кыргызстандан билим-илим алып, укум-тукумдарыбыз кыргыз атын сактап калса деген изги тилектери бар экендиктерин Бейшен, Миңжашар, Кабан, Нурбек ж.б. биз менен жолуккан кыргыздар билдиришти.
Монголиядагы кыргыздар бир эле мал чарбачылыгын кесип кылбастан, алардын арасында жогорку билимдүү учкучтар, дарыгер-врачтар, инженерлер, мугалимдер ж.б. бар. Ал эми өз ата-бабасынын жерине кайткан Токмамбеттин Таласынын урпактары, азыркы Талас өрөөнүнө көчүп кеткени белгилүү.

Монголиядагы Бөкүштүн тукумдары азыркы Талас өрөөнүндө, мүмкүн башка аймакта да болушу мүмкүн. Талас бабасынан тараган түпкү аталаштары, Талас өрөөнү кайсы мезгилдерде азыркы топонимин алып калгандыгы сыяктуу маселелер, кезегинде Токмамбет бабасынын болжолу кайсы кылымдарда бул аймактан жер которуп кеткендиги, ж.б. көптөгөн суроолорго жооп изделип жатканын айтышты.

Кыргызстандын тарыхында жаңы бет ачылып, Монголиядагы боордошторубуз менен ар тараптуу байланыштар түзүлүп, жалпы эле Монголия жергесиндеги тарыхый эстеликтерге карата келечекте тарыхый-археологиялык ж.б. илимий изилдөө иштери жүргүзүлсө. Азыркы күндө кыргыздар мекендеп турган Байан-Өлгий, Хобду өрөөндөрүндө Эне-Сай жазууларына окшош жазуу эстеликтери изилденбей, кол тийбеген бойдон тургандыгын да белгилеп коюуга болот. Булан уулу Бейшен жана биз менен жолуккан кыргыз боордошторубуз, жалпы кыргыз элибизге дубай-саламын айтып, келечекте өздөрүнүн кандаштары менен расмий түрдө жолуга турган күндөр келеринен үмүт кылып, Кудай буйруп калса өлкөбүздүн президентине жолугуп каларбыз деген ак ниеттерин билдиришти.

Байан-Өлгийдеги көбүнесе казакташып калган кыргыздардын ата-бабабыздан калган каада-салттарга жана сакталып калган үрп-адаттарына мүмкүнчүлүккө жараша, убакыттын тардыгына карабай материал топтоого аракет жасадык. Бизди биринчи кезекте эле кызыктыргандыгы бешикте жаткан бала болду. Жалпы эле түрк элдерине анын ичинде кыргыздарга мүнөздүү болгон "баланы бешикке" бөлөө салты азыркы күндө көбүнесе мал чарбачылыгы менен алектенген Монголиядагы кыргыздар үчүн өтө зарыл экендигин түшүнүү оор деле эмес.

Бул жердеги кыргыздардын жана Хар-Балгас өрөөнүндө монголдордун арасында болгонубузда бешик жасоодогу окшоштуктарды байкоого болот. Бешик эки түрдө жасалып, бири баланы терметүүгө ылайыкталып бешиктин буту айча формасында болсо, экинчиси буту түз төрт бурчтук формасында болуп, баланы бул бешикке аркы-берки чарбалык иштерди жасап жаткан учурда бөлөп коюшарын түшүндүрүштү.

Баланы бешикке салуу ырым-жырымдары биз менен маектешип отурган Бейшен Буландын айтуусуна караганда толук сакталып калган. Ал эми бешик ырлары сыяктуу салттары да сакталып калгандыгын айтышып, бирок ошол үйдүн ээси — Нурбектин жаш жубайы кайнагасы Бейшенден тартынып аткарып берген жок. Эң кызыктуусу Хар-Балгаска барган жердеги монголдордо да бешик ырларынын бар экендиги, бирок азыркы жаштары бул ырларды көбүнесе унутуп коюшкандыктарын айткан эле.

Тамак-аш маданиятына келгенибизде, Монголиялык кыргыздарда быштак, чөбөгө, курут ар бир үйдүн күнүмдүк тамактануусу экендигин байкадык. Бизди кызыктыргандыгы дасторконго коюлган сырлар болду. Сырды ата-бабадан калган ыкма боюнча жасап келишкендиктерин белгилешти. Ошондой эле койдун, айрыкча жылкынын этине өзгөчө маани беришип, кышкысын согум союп, ал тургай кышында да жылкы байлап кымыз ичишерин айтышты.

Хар-Балгастагы монголдордо болгонубузда ата-бабаларыбызга арнап курмандык чалып, аны менен катар кыргыздар менен монголдордун койду союу маданиятын салыштырып көргөнүбүздө, кээ бир гана айырмачылыгы болбосо, ар бир жиликти устукандоодо окшоштукту байкоого болот.

Байан-Өлгийдин тургундары — Кабан, Миңжашар аттуу кыргыздар сөзгө чебер, ата-бабалардын санжырасын мыкты билген, ыр жандуу адамдар экендигин байкадык».

Тарыхчылар да белгилегендей, эгемендүү өлкө болгонго чейин жана андан кийин да Кыргызстан тарабынан Моңголиядагы кыргыздар, алардын тарыхы, жашоосу тууралуу тарыхый илимий иликтөөнүн жоктугу өкүнүчтүү. Turmush басылмасы Моңголияда өздөрүн кыргызбыз деп атаган элдин жашоо-турмушу, салт-санаасы, баалуулуктары, жалпы эле моңголиялык кыргыздар тууралуу маалыматтарды окурмандарга жеткирүүнү улантат. Бул багытта кызматташууну каалаган тараптарды редакция менен байланышууга чакырабыз.

Электрондук дарек: aimak.akipress@gmail.com

WhatsApp: 0554 65 60 25.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×