Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Ош облусу 17.04.2018 18:29

Өлкөдө бир нече райондун ЖААК бөлүмүнүн жетекчилери орун алмашты

Turmush -  Өлкө боюнча райондордогу жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүндө ротация болуп, бир катар жетекчилер орун которушту.

- Ош шаардык жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн башчысы болуп Аида Сыдыкова дайындалды;

- Ош шаардык ЖААКты жетектеп келген Светлана Жороева Өзгөн райондук жарандык абалдык актыларын катоо бөлүмүнүн башчылыгына келди;

- Өзгөн районунун ЖААК бөлүмүн жетектеп келген Алиса Эшполот кызы Ноокат райондук ЖААК бөлүмүнө которулду;

- Ноокат районунун ЖААК бөлүмүнүн жетекчиси Гүлзада Бакиева Базар-Коргон райондук ЖААК бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;

- Алай районунун ЖААК бөлүмүнүн башчысы болуп Бактыгул Туйгунова дайындалды. Ал буга чейин Чоң-Алай райондук ЖААК бөлүмүн жетектеп келген (Алай районунун ЖААК бөлүмүнүн башчысы Саламат Аматова өткөн жылы пенсия чыккан);

- Чоң-Алай районунун ЖААК бөлүмүнүн башчылыгына Кызыл-Кыя ЖААКтын жетекчиси Буажар Раимбекова келди;

- Кызыл-Кыя ЖААКтын жетекчиси болуп Кадамжай ЖААКтын жетекчиси Кыял Жусупова дайылдалды;

- Кадамжай ЖААКтын жетекчиси болуп Баткен районунун ЖААК бөлүмүнүн башчысы Уулкыз Омошова дайындалды;

- Араван райондук ЖААК бөлүмүнүн башчысы Жыпара Жалалова Кара-Кулжа районуна которулуп, анын ордуна Кара-Кулжа райондук ЖААК бөлүмүнүн башчысы Чынара Туратова келди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×