Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Ысык-Көл

Фото, видео — Ак-Суунун тургундары менчикке берилген 108 гектар жерди кайтаруу талабы менен акцияга чыгышты

Turmush -  

Бүгүн, 17-апрелде Ак-Суу районунун Октябрь айыл өкмөтүнүн тургундары жер маселеси боюнча нааразычылык билдирип чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Алар мурда айыл өкмөткө караган жер жалгыз бир адамга берилип кеткенин билдирип, учурда 700дөн ашык жаштар жери жок жүргөнүн айтышууда. Тургундар бул маселени 15 жылдан бери көтөрүп жатышканын, бирок чечилбегенин айтышты.

Ал эми, Ак-Суу, Каракол аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгыгын башчысы Эрнис Сулайманбеков талашка түшкөн жер соттун чечими боюнча Караколго карай турганын жана ага ээлик кылган «Мамыр» акционердик коомго катталганын билдирүүдө.

Айылдыктардын айтуусунда, бул маселе Каракол менен Ак-Суу району биригип, кайра бөлүнгөндө жаралган экен. Шаар менен райондун чек арасы ушул күнгө чейин такталган эмес. Ак-Суу аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы көргөзүлүп жаткан жер тилке советтик бийлик учурунда СССРдин Медицина жана өнөр жай министрлигинин Пржевальскийдеги дары-дармек өсүмдүктөрдүн зоналык тажрыйба станциясынын эксперименттик базасына таандык болгондугун билдирүүдө.

Тургундар көргөзүлүп жаткан сериясы Б №002600 мамлекеттик актыны Ак-Суу районунун тургундары негиз кылып, жер тилкени Ак-Суу районунун административдик аймагына өткөрүп берүүнү талап кылууда.

Маалым болгондой, КРнын Мамлекеттик мүлк фондунун 1995-жылдын 13-ноябрындагы №19-316 токтому менен СССРдин Медицина жана өнөр жай министрлигинин Пржевальскийдеги дары-дармек өсүмдүктөрдүн зоналык тажрыйба станциясынын эксперименттик базасы «Мамыр» МАК болуп өзгөрүп түзүлгөн. Көргөзүлгөн документердин негизинде «Мамыр» акционердик коому 2008-жылы 10-январда каттоо кызматына укук күбөлөндүрүүчү документ берүүнү талап кылып, арызы менен кайрылган. Каттоо кызматы тарабынан арызына менчиктештирүү жүрүп жаткан учурда жер тилкелерди менчиктештирүү мүнкүн эмес, КРнын «Мамлекеттик мүлктү мамлекеттен ажыраштыруу жана менчиктештирүү» жөнүндө мыйзамынын 3-пункту боюнча жер менчиктештирүүгө жатпайт деп 2008-жылы 21-январда укук күбөлөндүрүүчү документ берүүдөн баш тартуу тууралуу корутунду берилген. Корутунду менен макул болбой «Мамыр» акционердик коому Ысык-Көл облустук райондор арылык сотуна доо арыз менен кайрылган. Алар КРнын «Жер колдонууга киргизүү жөнүндө» мыйзамынын 6-беренесинин 7-пунктун чечмелөө тууралуу мыйзамын жана Мамлекеттик мүлк фондунун 2007-жылы 17-декабрда 2008-жылдын 20-мартындагы чечими менен «Мамыр» АК доо арызын толугу менен канааттандырып, каттоо кызматына укук күбөлөндүрүүчү документ берүүнү милдетендирилген.

Буга макул болбогон каттоо кызматы аппеляциялык арыз менен кайрылган. Ысык-Көл облустук сотунун административдик иштер боюнча соттук коллегиясы 2008-жылдын 16-майындагы аныктамасы менен Ысык-Көл облустук райондор арылык сотунун 2008-жылдагы 20-мартындагы чечимин күчүндө калтырган.

Каттоо кызматы надзордук даттану менен Жогорку сотко кайрылган. КРнын Жогорку соту 2008-жылдын 5-сентябрындагы аныктамасы менен Мамлекеттик каттоо кызматынын надзордук даттануусун кайтарып салган. Буга макул болбой Каракол шаарынын мэриясы надзордук даттануу менен Жогорку сотко кайрылган. Жыйынтыгында КРнын Жогорку сотунун 2009-жылдын 8-декабрындагы токтому менен Ысык-Көл облустук райондор арылык сотунун 2008-жылдын 20-мартындагы чечимин жана Ысык-Көл облустук сотунун административдик иштер боюнча соттук коллегиясынын 2008-жылдын 16-майындагы аныктамасы күчүндө калып, Каракол шаарынын мэриясынын даттануусу канааттандыруусуз калтырылат.

Аталган соттун чечими аткарылып, Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан «Мамыр» акционердик коомуна 108 гектар жер тилкеге жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт берилген.

Нааразычылык акциясына чыккан жергиликтүү тургундар кечки маалга жакын боз үй орнотушту

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1329
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×