Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Ысык-Көл

Видео — Ак үйдө иштейм деп калп айтып, чиновниктерди коркутуп телефон чалган адам кармалды

Turmush -  16-апрелде УКМК тарабынан КРнын 1984-жылы туулган жараны Э.Д. кармалды.

Маалым болгондой, ал 12-апрелде Ысык-Көл облусунун жетекчиси менен Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциянын жетекчисине «Президенттин аппаратынын жетекчилеринин биримин» деп телефон чалган. Ал сүйлөшүү учурунда аталган жетекчилерди «иштен алдырам» деп коркутуп, Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциянын директорунун мурдагы орун басарын кайрадан кызматка алууну талап кылган. Ал адам дирекциядан каражаттарды менчиктеп алуу боюнча кылмыш ишке тиешеси бар адам болгон.

Ушундай жалган телефон чалуулардын көбөйгөндүгүнө байланыштуу УКМК адамдарды сак болууга жана шектүү чалуулар болсо дароо укук коргоо органдарына кайрылууга чакырат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2706
Көп окулду
×