Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Нарын облусуНарын району 17.04.2018 16:44

Нарында тоолуу аймактын шартында өсө турган өсүмдүктөрдүн көчөттөрү сатылууда (фото)

Turmush -  Нарын шаарынын борбордук базарында быйыл бак-дарактардын көчөттөрүн сатуучулардан алуучулар өтө көп, деп билдирди аймактык кабарчы.

Соодагер Кубан Айтикеевдин айтымында, быйыл башка жылдарга салыштырмалуу жашылдандырууга көңүл бөлгөндөр арбын.

«Биз бир айдан бери базарга тынымсыз чыгып, соодабызды жакшы жүргүзүп жатабыз. Өткөн жылы саткан көчөттөргө быйыл кайрадан суроо-талаптар жогорулоодо. Андыктан биз дагы Нарында өспөгөн башкача өсүмдүктөрдүн түрүн алып келип, аларды тигип байкап көрөлү деп жатабыз. Эгерде жакшы түшүм бере турган болсо, эмдиги жылы ошолорго басым жасайбыз. Белгилей кетсек быйыл көчөттөргө көңүл бургандар, кызыккандар абдан көп. Бул жакшы көрүнүш», - деди К.Айтикеев.

Учурда базарда гүлдөрдүн петуния, шафран, роза, салвия түрлөрү сатылып, алардын бир түбү 25-30 сомдон бааланууда. Ал эми бак-дарактардын баалары 150 сомдон 300 сомго чейин бааланып жатат. Үрөндүн 1 кг баасы 25-30 сомдон.

Ошондой эле, сатуучулар жарым карлик алма, кара жана кызыл өрүк, алманын апорт түрү, наливка , алчанын Нарындын шартында өсө турган түрү, алмуруттун эрте быша турган түрү, кокон гиластын түрлөрүн сатышууда. Көчөттөрдү Чүй жана Ысык-Көлдөн алып келишүүдө.

«Алманын көчөтү 200 сомдон 300 сомго чейин, өрүк жана башка көчөттөр 200 сомдон бааланып сатылууда», - деп билдиришти сатуучулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×