Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Жалал-Абад

Тогуз-Тородо тургундар кайрадан митингге чыгышты

Turmush -  Бүгүн, 17-апрелде Тогуз-Торо районунда жергиликтүү тургундар кайрадан митингге чыгышты. Бул тууралуу айылдык кеңешитин депутаты Уланбек Шерипов билдирди.

Анын айтымында, тургундар 15 адамдын кармалышына нааразы болуп чыгышты.

«Митингге чыккандар кечээ,16-апрелде милиция кызматкерлери «Джи Эл Макмал Девелопинг» ишканасынын имаратын өрттөөгө шектүү деп 15 адамды кармап кетүүсүнө нааразы болууда. Аларды район борборунда суракка албай, Жалал-Абадга алып кетишиптир. Алардын ичинде 12 эркек, 3 аял бар. 3 аялдын биринин 2 айлык баласы калыптыр. Тургундар суракты райондо жүргүзүүнү талап кылышты», - деди ал.

Ошондой эле, бүгүн Тогуз-Торо районунун тургундары Бишкекте Ак үйдүн алдына митингге чыгып, «Джи Эл Макмал Девелопинг» ишканасын жабууну, анын имаратын өрттөөгө шектүү делген адамдарды бошотууну өтүнүшкөн.

Буга чейин Тогуз-Торо районунда башаламандык уюштурууга шектүү делип 15 тургун кармагандыгы маалымдалган.

Окуя тууралуу:

11-апрелде жергиликтүү тургундар «Джи Эл Макмал Девелопинг» ишканасынын иштешине нааразы болуп, анын имаратарын өрттөп салышкан.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн аппаратынын регионду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ажымамат Исаевдин айтымында, жумушчу топ эл менен жолугуп, элге түшүндүрүү ишин жүргүзмөк. Бирок район эли барган жумушчу топтун пикирине көңүл бөлбөстөн, аларга таш ыргытышкан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Тема боюнча:

11.04.2018Видео, фото — Тогуз-Тородо митингге чыккан эл алтынды кайра иштетүүчү ишкананын имаратын өрттөп салышты
11.04.2018Тогуз-Тородогу митинг: С.Исаков ишкананы өрттөө фактысын иликтөөнү ИИМге тапшырды
11.04.2018Тогуз-Тородогу митинг: Имаратты өрттөгөн тургундар тарап кетишти
11.04.2018Тогуз-Тородогу митинг: Алтынды кайра иштетүүчү ишкананын имаратын өрттөгөн тургундардын талаптары
12.04.2018Сапар Исаков Тогуз-Торо районунун акими Тилек Идирисовду кызматынан бошотту
12.04.2018Тогуз-Тородогу митингде эмнелер өрттөлдү?
12.04.2018Тогуз-Тородогу митингден 7 жаран жараат алып, төртөө ооруканага жаткырылган
12.04.2018Тогуз-Тородогу митингде имаратты өрттөгөн адамдар аныкталды, - Жалал-Абад ОИИБ
13.04.2018С.Исаков Тогуз-Тородогу митинг боюнча: Ал жерде саясатчылардын катыштыгы бар
17.04.2018Тогуз-Тородогу баш аламандыкты уюштурууга шектелип 15 адам кармалды, - ИИМ
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 892
Көп окулду
×