Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Баткен облусуБаткен району 17.04.2018 13:55 На русском

Баткендин акими тажик делегациясы менен эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады

Turmush -  Бүгүн, 17-апрелде Баткен районунун акими Кеңеш Салихов Баткен шаарында Тажикстандын Исфара районунун акими Саломзоода Сиожидин менен жолугушту. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Жолугушууга эки тараптын мекеме-ишканаларынын жетекчилери, чек арадагы жамаат башчылары, аксакалдардар, жаштар комитеттеринин өкүлдөрү катышып, эки тараптуу кызматташтыкты, достукту бекемдөө маселелерин талкуулашты. Тараптар эл арасындагы ынтымакты күчөтүп, чек арадагы чатактарды алдын алууга аракеттерди көрүшө тургандыктарын билдиришти.

2017-жылы Баткен районунун аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында 10 жолу чыр-чатак катталган. Анын ичинен 3 чатакта курал колдонулган. 2018-жылы 1 жолу чатак чыкты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×