Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Нарын облусуНарын району 17.04.2018 13:27

Айыл турмушу: Аккордеончу Н.Эсенгулова окуучуларга сабак берип, чыгармачылык менен дагы алектенүүдө (видео, фото)

Turmush -  Нарын районунун Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Чий айылынын тургуну Назгүл Эсенгулова 2002-жылы ушул эле айылдагы Мамыткан Иманалиев атындагы орто мектебинде, андан сырткары коңшу айылда музыка сабагынан окуучуларга билим берип келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, окуучуларынын ийгиликтерине кубанып, алар менен ар дайым сыймыктанат.

«Мен бала кезден музыкага абдан кызыгып, музыкалык окуу жайга тапшыргам. Аны аяктаган соң, 2002-жылы айылыбыздагы Мамыткан Иманалиев атындагы орто мектепке музыка мугалими болуп эмгек жолумду баштап, азыркы тапта коңшу Өрнөк айылында музыка мугалими жетишпегендиктен, ал жакта дагы балдарга билим берип келем.

2002-жылдан баштап окуучуларыбыз көптөгөн кароо-сынактарга катышып баштаган. Ошол кездеги мектептин мүдүрү Эсенбек Майрыковдун демилгеси менен “Накай” урма аспаптар жана комузчулар фольклордук клубу түзүлгөн. Ошол кезден бери бул ансамбль көптөгөн кароо-сынактарга катышып, байгелүү орундарга ээ болуп, райондук, облустук сынактардан жеңип республикага чейин чыгып келишүүдө.

Окуучуларым кыргыздын улуттук аспаптарын кеңири таанып, чоң-чоң күүлөрдү чертип, бардык күүлөрдүн авторлорун таанып, айрымдары музыкалык окуу жайларын аяктап, мектептерде, музыкалык окуу жайларында билим берип, кээ бирлери актердук чеберчиликке ээ болуп, кино, клиптерге да тартылып келишет. Мен алар менен ар дайым сыймыктанам.

Бизде музыкалык аспаптар жетиштүү. Мектеп администрациясы айылдын демилгеси менен белгилүү комузчу Нурак Абдракмановдон 10 комуз алып, кошумча дагы башка аспаптар менен жабдылса, ал эми биз сыймыктанган ардагер мугалимибиз Эсенбек Майрыков урма аспаптарды өз колу менен жасап тартуулаган. Баардыгына ыраазычылык билдирип кетем», - деди ал.

Мугалим билим берүүдөн тышкары жети дубандан түзүлгөн «Аккордеончу айымдар» тобунун мүчөсү болуп, чыгармачылык менен дагы алектенет.

«Мындан бир жыл мурун 7 дубандан аккордеончу айымдар биригип топ түзүлүп, долбоорлорго катышып, чыгармачылык менен иштешип келебиз. Бул топко сынак аркылуу өтүп, мүчө болгом. Ал эми чыгармачылыктагы даярдыктарды интернеттен видео аркылуу ишке ашырабыз. Анткени ар бирибиздин жашаган аймагыбыз алыс болгондуктан чогуу даярданууга мүмкүндүк болбой калат», - деди ал.

Таланттуу мугалим Назгүл Эсенгулова көптөгөн сыйлыктарга татып, райондук, облустук администрацияларынын ардак грамоталары менен сыйланып, «Эл агартуунун отличниги» наамынын ээси болгон.

Учурда анын бир кыз, бир уул жана үч небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×