Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баракелде, Бишкек 17.04.2018 13:24 На русском

Оппозициячыл депутаттар өкмөттүн отчетун угууда: Премьер С.Исаков менен депутат Б.Төрөбаев кайым айтыша кетти

Turmush -  Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында азчылык коалиция өкмөттүн отчетун кароодо. Анын жүрүшүндө премьер-министр Сапар Исаков менен депутат Бакыт Төрөбаев кайым айтыша кетти.

«Сиз жакында эле маек куруп, Тогуз-Тородогу митингге саясатчылардын катыштыгы бар экенин, ал тууралуу кийинчерээк билдире турганыңызды айткансыз. Азыр бажы боюнча суроолор болду. Сиз кайрадан кийинчерээк билдирем дедиңиз. Эгер сизде маалымат болсо, аны эртең же бүрсүгүнкүгө калтырбай, ачык айтыңыз», - деди Б.Төрөбаев.

С.Исаков депутатка: «Бакыт Эргешович бул менин укугум. Эмнени качан айтыш керектигин мен өзүм билем», - деп жооп берди.

«Анда тигил же бул окуянын артында саясатчылар турат деп айтуунун кереги жок. Бул жерде отургандардын бардыгы саясатчылар», - деп белгиледи Б.Төрөбаев.

«Бизде учурда баары саясатчы болуп калды», - деди премьер.

«Сизде премьер катары жетиштүү маалымат бар. Сиз жөнүндө социалдык тармактарда жаман пикирлерди жазышканда "мунун артында ким турарын билем" деп айткансыз. Тогуз-Торо боюнча да, бажы боюнча да ушундай айтып жатасыз. Эгер билсеңиз айтыңыз. Биз да уккубуз келип жатат», - деди Б.Төрөбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×