Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Баракелде

Фото — Тогуз-Торонун тургундары Ак үйдүн алдына митингге чыгышты

Turmush -  Бүгүн, 17-апрелде Тогуз-Торо районунун тургундары Ак үйдүн алдына митингге чыгышты.

Бул жерге 50гө жакын адам чогулду. Алар «Джи Эл Макмал Девелопинг» ишканасын жабууну жана анын имаратын өрттөөгө шектүү делип кармалган адамдарды бошотууну талап кылышууда.

Алардын айтымында, аталган кен иштетүүчү ишкананын ишинен улам жергиликтүүлөрдүн ден соолугу начарлоодо.

«Биз аталган фабриканы жабууну өтүнүп жатабыз, себеби элдин ден соолугу бузулуп жатат. Тактап айтканда боор оорулары, сарык оорусу пайда болуп, көпчүлүгүнүн кан басымы жогорулоодо. Мындай көйгөйлөр буга чейин болгон эмес. Ошондуктан биз митингге чыктык. Биз буга чейин бир нече жолу тиешелүү инстанцияларга кат жолдогонбуз. Бирок, эч ким аны уккан жок», - дешти алар.

Ошондой эле, алар Тогуз-Торо районундагы башаламандык боюнча күнөөсүз адамдар кармалгандыгын айтышты.

«Милиция кызматкерлери күнөөсү жок адамдар кармап кетишти. Алардын арасында 2 айлык ымыркайы жана мектепке барган 4 баласы бар аял дагы бар. Ал эми башаламандыкка тиешеси бар адамдар эркиндикте жүрүшөт. Кармалган адамдарды бошотууну өтүнөбүз», - дешти алар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Тема боюнча:

11.04.2018Видео, фото — Тогуз-Тородо митингге чыккан эл алтынды кайра иштетүүчү ишкананын имаратын өрттөп салышты
11.04.2018Тогуз-Тородогу митинг: С.Исаков ишкананы өрттөө фактысын иликтөөнү ИИМге тапшырды
11.04.2018Тогуз-Тородогу митинг: Бүгүн С.Исаков райондун акимин кызматынан бошотот
11.04.2018Тогуз-Тородогу митинг: Имаратты өрттөгөн тургундар тарап кетишти
11.04.2018Тогуз-Тородогу митинг: Алтынды кайра иштетүүчү ишкананын имаратын өрттөгөн тургундардын талаптары
12.04.2018Сапар Исаков Тогуз-Торо районунун акими Тилек Идирисовду кызматынан бошотту
12.04.2018Тогуз-Тородогу митингде эмнелер өрттөлдү?
12.04.2018Тогуз-Тородогу митингден 7 жаран жараат алып, төртөө ооруканага жаткырылган
12.04.2018Тогуз-Тородогу митингде имаратты өрттөгөн адамдар аныкталды, - Жалал-Абад ОИИБ
13.04.2018С.Исаков Тогуз-Тородогу митинг боюнча: Ал жерде саясатчылардын катыштыгы бар
17.04.2018Тогуз-Тородогу баш аламандыкты уюштурууга шектелип 15 адам кармалды, - ИИМ
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1717
Көп окулду
×