Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Баракелде

200 миң доллар пара менен кармалган Башкы прокуратуранын башкармалыгынын жетекчиси ооруканага түштү

Turmush -  200 миң доллар пара алып жатканда кармалган Башкы прокуратуранын башкармалыгынын жетекчиси Улан Чалбаев учурда ооруканада. Бул тууралуу АКИpress агенттигине УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, оперативдүү иштерди жүргүзүүдө анын кан басымы жогорулап, ал ооруканага түшкөн.

Буга чейин 16-апрелде 200 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Башкы прокуратуранын башкармалыгынын жетекчиси Ч.У. кармалганы маалымдалган.

Текшерүү иштерин УКМКнын Антикоррупциялык кызматы менен Башкы прокуратуранын ички иликтөө кызматы укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупцияны аныктоо максатында козголгон кылмыш иштин алкагында жүргүзгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1032
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×