Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Ош

Кара-Кулжада жылдын мыкты мугалими аныкталды (фото)

Turmush -  Кара-Кулжа районунда «Жылдын мыкты мугалими-2018» сынагынын жеңүүчүсү аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, сынакка 7 мугалим катышып, 3 тур менен өткөрүлдү.

«Мугалимдер 1-турда "Балдардын чыгармачылыгындагы менин ишмердүүлүгүм" жана "Менин автордук идеяларым" аттуу жазма иштерин тапшырышты. 2-турда чыгармачыл сабактарын көрсөтүшсө, 3-турда өзүн тааныштыруу, ыңгайсыз суроолор, кесиптердин рейтинги жана талапкерлердин ийрими сынактары болду», - деп айтылат маалыматта.

Жыйынтыгында 1-орунга Ш.Жээнбеков атындагы интернат-лицейдин башталгыч классынын мугалими Жаңылай Самидинова ээ болду. Ал эми 2-орунду О.Сайдилкановдун автордук мектеп-гимназиясынын информатика мугалими Нурзида Сөлпүева, 3-орунду А.Калматов атындагы орто мектептин башталгыч классынын мугалими Адашкан Апызова багындырды.

Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясы 1-орунга 5000 сом, 2-орунга 3000 сом, 3-орунга 2000 сом акчалай сыйлык тапшырды. Ошондой эле райондук билим берүү бөлүмүнүн профсоюз комитети 1-2-3-орундардын ээлерине сыналгы, чаң соргуч, эт туурагыч белекке берди.

Сыйлыкка ээ болгон мугалимдер:

- «Эң мыкты чыгармачыл сабагы үчүн» — И.Орозалиев атындагы орто мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Таалайкан Дүйшөева;

- «Эң жакшы жазма иши үчүн» — Ш.Исмаилов атындагы мектептин математика мугалими Кайыргүл Аттокурова;

- «Эң мыкты сабагы үчүн» — А.Бегитаев атындагы орто мектептин дене тарбия мугалими Назирбай уулу Тимур;

- «Күйөрмандардын купулуна толгондугу үчүн» — Т.Назаров атындагы башталгыч класстын мугалими Ыкыбал Осмонкулова .

Аталган мугалимдерге ардак грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды. Сынак мугалимдин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу менен чыгармачыл педагогдордун ишмердүүлүгүн табуу, колдоо, жайылтуу, шыктандыруу жана мыкты тажрыйбалар жөнүндө маалымат топтоо максатында өткөрүлдү. Ал эми сынактын жеңүүчүсү Ж.Самидинова райондун атынан облустук сынакка катышат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1656
Көп окулду
×