Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Талас

Айыл турмушу: Манастык Ч.Кенжалиеванын «сүйүү» жаздыкчасына буйрутма бергендер көп (фото)

Turmush -  Манас районунун Жийде айылынын 44 жаштагы тургуну Чынар Кенжалиева 25 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылынын кызы. 1993-жылы Жийде айылына келин болуп келген.

«Өзүмдүн апам чебер айым. Курак кураганды бала кезимен бери эле үйрөтүп келген. Кыз киши апасын тартат эмеспи. Үйдөн сиңдим экөөбүз апабызды тартып иштүүлүк менен алектенебиз. Келин болуп келгенде кайын энем да чеберчилик менен алектенчү. Калган нерсени кайын энемен үйрөнүп өздөштүрүп кеттим десем болот. Курак курап келе жатканыма билинбей эле 25 жыл убакыт өтүптүр. Ал убакта каттама, жылдызча курактарды көп курап жүрдүм. Азыр гүл курака көп буйрутмалар түшүүдө. Бул гүл курак башка курактардан айырмаланып жибек кыздемеден куралат. Бул куракты алгач интернет булактарынан көрүп кызыгып калып үйрөнүп алгам. Кийин өзүм үчүн курадым. Үйгө келген коноктор кызыгып буйрутма бере баштады. Бул майда жумуш болгондуктан убакытты көп алат. Гүл курактарды 500 сомдон баалайм. Кездеменин 1 метрин 100 сомдон сатып келем. Бир күндө 3 же 4 жаздыкча курап коём. Бул курактар жакшы көрүнгөндүктөн көпчүлүгү кыздын себине деп алып кетишет. Бул иш менен кышкы убакытта эле отурам. Жайкысын сырттагы жумуштар менен алектенем. Өзүмдүн кыялымдан чыгарып келиним менен балама деп «сүйүү» жаздыкчасын курагам. Азыр көпчүлүк ушул жаздыкчага буйрутма беришүүдө», - деди ал.

Чебер айым жолдошу экөө 1 уул, 1 кыздын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 589
Көп окулду
×