Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Ысык-Көл

Фото — Ысык-көлдүк А.Жаналиев дүйнөдө биринчи жолу айнекке мык кагып, жип менен сүрөт тартты

Turmush -  Ысык-Көл облусунун 29 жаштагы тургуну, сүрөтчү Азамат Жаналиев айнекке мык кагып, жип менен сүрөт тартып жатат. Аймактык кабарчы анын эмгегин көрүп кайтты.

Өзүнүн айтымында, бул иш менен 10 күндөн бери алектенүүдө.

«Сүрөттү толук бүтүрүүгө дагы 10 күн кетет. Бул сүрөттө кыргыз киносунда аттын кашкасындай таанымал, белгилүү актер жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовду чагылдырдым. Айнектин узундугу 30 см болсо, туурасы 20 см түзөт. Дүйнөдө айнекке мык кагып, жип менен сүрөт тартылган эмес. Дүйнөдөгү өзгөчө сүрөттү тартып жатам десем болот», - деди ал.

Сүрөтчү айнекке сүрөт тартуу идеясы кантип келгенин айтып берди.

«Тарткан сүрөттөрүмдү карадым. Жип менен мыктын эскирип, чирип кетпөөсүн ойлоп, айнекке жип жана мык менен сүрөт тартуу идеясы келди. Ал эч качан сапатын жоготпойт. Сүрөт бул өзгөчөлүгү менен уникалдуу болот. Аталган сүрөттү сыноо иретинде жасап жатам. Мындай сүрөттү тартуунун көп ыкмалары жана сырлары бар. Андыктан сырларын азырынча эч кимге айтпай турайын. Ошондой эле сүрөттү тартууда көп кыйынчылыктар да болду. Бирок өзгөчө сүрөттү жарата алдым. Эми мындай сүрөттөрдү көбөйтүүнү жана дүйнөгө таратууну максат кылып жатам», - деди Жаналиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1618
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×