Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 17.04.2018 09:22

Бостери жана Бактуу-Долоноту айылдарындагы мыйзамсыз курулуштар алынды (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Бостери айыл аймагынын Бостери жана Бактуу-Долоноту айылдарында кызыл сызыктан чыгып кеткен мыйзамсыз курулуштар алынды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Буга чейин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кызыл сызыкка салынган курулуш ээлерине бир нече жолу эскертүү беришкен, мыйзамсыз кармалган каша, сарай, мончо, чач тарач, соода түйүндөрү жолдорду тарытып, коммуналдык кызматтын жолду жана түтүкчөлөрдү оңдоп-түзөө иштерине тоскоолдук жаратып келген.

Белгиленген мөөнөттө талаптарды аткарбаган жаорандардын курулуштары толугу менен алынды.

Мындан тышкары, Бостери айылындагы 7 көчөгө, Бактуу-Долонту айылындагы 3 көчөгө жарыктар коюлуп, айыл ичиндеги жолдор оңдолмокчу. Мындан улам мыйзамсыз курулуштар алынууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×