Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Баракелде

Башкы прокуратурадагы 200 миң долларлык пара: Башкармалыктын башчысы акча алып жатканда кармалды (видео)

Turmush -  Башкы прокуратуранын башкармалыгынын жетекчиси 200 миң доллар пара алып жатканда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

«16-апрелде 200 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Башкы прокуратуранын башкармалыгынын жетекчиси Ч.У. кармалды», - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Текшерүү иштерин УКМКнын Антикоррупциялык кызматы менен Башкы прокуратуранын ички иликтөө кызматы укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупцияны аныктоо максатында козголгон кылмыш иштин алкагында жүргүзгөн. Учурда тактоо, тергөө иштери улантылып жатат.

АКИпресс агенттигине маалым болгондой, Башкы прокуратуранын текшерүү жүргүзүлгөн башкармалыгынын жетекчиси болуп Чалбаев Уланбек Акматович эмгектенип жаткан.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4371
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×