Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 16.04.2018 16:39

Ысык-Көлдө кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошкон инсандар сыйланды (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунда кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошкон жарандарга ардак грамоталар тапшырылды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Облустук тил комиссиясынын орун басары Канимет Жакыпбековдун айтымында, кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча атайын токтомдор чыгып, анын алкагында иштер жүрүп жатат.

«Облустун аймагын кыдырып, тилди өнүктүрүү боюнча иш-аракеттерди жасап жатабыз. Кыргыз тилинде көрнөк-жарнактарды туура жазуу боюнча да иштер жүрүүдө. Ошондой эле, орус тилдүү мектептерде кыргыз тилинде дил баян жазуу боюнча сынактарды өткөрүп жатабыз. Аны менен бирге муниципалдык, мамлекеттик кызматтагыларды тил боюнча берүүчү аттестациясына да даярдыктар көрүлүүдө», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×