Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Ысык-Көл

Качкан унаадагы жүргүнчү каза болуп, кууган милициялар сабалды: «Тойотанын» айдоочусу жол кырсык тууралуу айтып берди (фото)

Turmush -  «Тойота Авенсис» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, Күрмөнтү айылынын тургуну Максат Жаныбек уулу Түп районунда болгон жол кырсык тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, 14-апрелде ал 3 досу менен Түп айылынан Күрмөнтү айылын көздөй келе жатышкан.

Буга чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери кууган унаа жол кырсыкка кабылып, 23 жаштагы жигит каза болгондугу жана 3 адам ооруканага түшкөндүгү маалымдалган.

Максат Turmush басылмасына берген комментарийинде билдиргендей, ошол күнү алар Түп айылында түшкү тамактангандан кийин Күрмөнтү айылына жолго чыгышкан.

«Түп районунун МАИ постунда экипаж турган, бирок ал бизди токтоткон жок, себеби ылдамдыкты жогорулатуу болгон эмес. Биздин алдыбызда дагы бир нече унаа бар болчу, алар дагы посттун жанынан акырын өтүшкөн. Балбай айылына кирип баратканда гана аркабыздан эпикаж келе жатканын көрдүк. Мен токтогон жокмун, себеби эреже бузган эмесмин. Ошондуктан ылдамдыкты бир аз көбөйткөм. Алар бизди кубалап келип, менин токтоо керектигимди айтышты. Мен токтогон жокмун себеби эреже бузган эмесмин. Андан кийин рулду башкара албай калдым, катуу сокку болгонун билем башка эч нерсе эсимде жок», - деди ал.

Ошондой эле, ал милициянын кызматкерлери посттогу видео камерадагы жазууларды карап көрсө болорун кошумчалады.

«Принципиалдуу түрдө унааны токтоткон жокмун, анткени алар бизди посттун жанында токтотууга аракет кылбастан аркабыздан келип, жолдо кетип бараткан жерде токтотууга аракет кылышты», - деди ал.

Учурда жабыркагандар Түп аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүндө дарыланууда. Дарыгер Арстанбек Какеевдин айтымында, облустук ооруканадан невропатолог дарыгер чакыртылган.

«Саат 15:30дар чамасында жол кырсыктан кийин 3 бейтап келип түштү. Алардын экөө ыкчам медициналык жардам берүү бөлүмүнө жаткырылса, бири оор абалда кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Анын акыреги, 2, 3,4,5,6 кабыргалары сынган. Биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин ал облустук ооруканага которулган. Бизде невропатолог дарыгер жок болгондугуна байланыштуу биз облустук ооруканадан чакырттык. Башын рентген аппаратына тарттырдык, сынык жок экен. Эми дарыгер баш мээси чайкалганбы же жокпу аныктайт. Анын жыйынтыгы менен дарылоону улантабыз», - деди ал.

Буга чейин Түп районундагы жол кырсыктын кесепетинен 24 жаштагы жигит каза болгондугу маалымдалган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы Turmush басылмасына билдирген маалымат боюнча, 14-апрелде Түп районунда «Жолдо жүрүүнүн эрежелерин эскертүү жана түшүндүрүү» рейди жүргүзүлгөн. Анын алкагында саат 15:30 чамасында Түп РИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери катуу ылдамдыкта жүрүп бара жаткан «Тойота Авенсис» унаасын токтотушкан. Бирок айдоочу талапка баш ийбестен катуу ылдамдыкты улантып, качып кеткен. Тиешелүү жобого ылайык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчү кызматкерлер катуу ылдамдыктагы унаанын артынан түшкөн. Ал эми унаа болжол менен 800 метр жүргөндөн кийин башкаруусун жоготуп, талкаланган абалда табылды.

Ошондой эле расмий орган жол кырсыктын кесепетинен Күрмөнтү айылынын 24 жаштагы тургуну Б.С. оор жаракат алып, окуя болгон жерде көз жумганын тастыктады. Унааны ушул эле айылдын 25 жаштагы тургуну башкарып бара жатканы белгилүү болуп, учурда дарыгерлер жабырлануучуларга жардам көрсөтүп жатышат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1310
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×