Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Нарын

Ак-талаалык А.Керимжанов грек-рим күрөшү боюнча Нарын облусунун чемпиону болду (фото)

Turmush -  Нарын шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча окуучулардын спартакиадасында Акыл Керимжанов 51 кг салмак категориясында 1-орунду ээлеп, облустун чемпиону болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Акыл Керимжанов өз салмагындагы атаандаштарын жеңилүүгө аргасыз кылып, жеңишти камсыз кылды. Ал райондогу Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 10-класста окуйт. Спорт менен 3 жылдан бери машыктыруучу Капарбек уулу Билимбектин жетекчилигинин астында машыгып келет. Буга чейин бир катар мелдештерде ийгиликтерге жетишип келген.

Эми Акыл Керимжанов окуучулардын республикалык спартакиадасында күч сынашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 590
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×