Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Нарын облусуНарын району 16.04.2018 13:25

Саяпкердин санаасы: Ардагер мугалим С.Алиев таптаган күлүктөрүн 2000 долларга чейин баалап сатат (видео, фото)

Turmush -  Нарын районунун Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Чий айылынын 65 жаштагы тургуну, ардагер мугалим Садыбакас Алиев 45 жылдан бери он бештен ашык ат таптаган. Анын таптаган аттары ат чабыштардан баш байгелерди жеңип келет. Көп жылдык тажрыйбасы бар саяпкер менен аймактык кабарчы таанышып, маек курду.

Ардагер мугалимдин айтымында, бала кезинен саяпкерлердин жанында көп жүрүп, өнөргө кызыгуусу артып ат таптап калган.

«Бала кезимден саяпкерликке кызыгуум күчтүү болчу. Мындан 45 жыл мурун 1973-жылы ат таптай баштадым. Бүгүнкү күнү да ат таптоо менен алектенип жатам. Бул менин жан дүйнөмө жакын кесибим болуп калды. Жалпы он бештен ашык ат таптадым. Тапталган аттарымды ат чабыштарга чыгарып келем. Соң-Көлдө өткөн ат чабыштан биричиликти, райондук, облустук деңгээлдеги оюндардан дагы алдыңкы орундарды алдым. Мындан сырткары үч облустан келген 68 аттын катышуусунда өткөн ат чабыштан баш байгени жеңгенбиз.

Эң негизгиси ат таптоонун сырын жакшы билип, атты сүйөө, аны менен сүйлөшө билүү керек. Атка канчалык жакын болсоң, ал дагы бизге жакын болот. Учурда таза кандуу кунанды таптап атам. Аттарды таптоодо анын дене түзүлүшүнө карайбыз. Ат чабышка түшчү күлүктүн бели кыска, арткы туягы түз, моюну узун болот. Мындай атты даярдоонун көп түйшүгү болот. Кадимкидей ал ат менен жакын болуп, өз балаңдай карап, таң аткандан кеч киргенге чейин көзөмөлдөө керек. Даяр болгондо ат чабышка чыгарабыз. Ошондой эле таптаган аттарды 1500-2000 долларга чейин баалап сатам.

Ат таптоонун сырларын башкаларга да үйрөтүп келем. Мындан сырткары "Саяпкердин санаасы" деген китепче чыгаргам. Анда ат таптоонун бардык сыры жазылган», - деди ал.

Саяпкер көп жылдар бою мектепте мугалим жана жетекчи болуп иштеп, кийин ардактуу эс алууга чыккан.

«Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен географ адистиги боюнча билим алгам. Окуу жайды аяктаган соң, айылыбыздагы Мамыткан Иманалиев атындагы орто мектебинде жалпы 40 жыл эмгектенип, ардактуу эс алууга чыктым. Бул жылдар аралыгында мугалимден сырткары директордун тарбия иштери боюнча орун басары жана директор болуп иштеп келдим. Ошентип 2010-жылы эмгек өргүсүн алып, ардактуу эс алууга чыктым.
Окуучуларымдан алдыңкы жетекчи, илимдердин кандидаты болгондор бар. Мектепте эмгектенип, ошону менен бирге ат да таптап жүрдүм», - деди ал.

Ардагер мугалим Садыбакас Асеков мамлекеттик сыйлыктарга да татып, 1989-жылы «Эл агартуунун отличниги» төш белгиси менен сыйланган.

Жубайы Токтокан Арзыгулова айыл өкмөттө катчы болуп бир топ жыл эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан. Жубайлар эки кыз, эки уулду тарбиялап өстүрүп, 12 неберелүү болушкан. Балдарынын бардыгы жогорку билимге ээ.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×