Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Талас

Жеңеке: Тагдыр жеңе бойдок кезинде түшүндө көргөн жигитке турмушка чыгып, учурда 6 баланын апасы болду (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Бакайыр айылындагы 38 жаштагы Шабданова Тагдыр жеңе бойдок кезинде өзүнүн турмушка чыгуусу түшүнө кирип, өңүндө ошол түшү ишке ашкан. Аймактык кабарчы жеңеке менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районунун Маданият айылынын кызы. Кесиби боюнча англис тилчи мугалим.

«Жолдошум менен кайын атам аркылуу таанышкам. Ыраматылык кайын атам биринчи мени көрүп жактырыптыр. Жолдошум менен кайын журтум кудалашып келгенде таанышканбыз. Биздин алма багыбыз бар. Ошол жерден көрүп баштан-аяк карап туруп «жаш экенсиң» деп, аз убак өткөн соң «жакшынакай экенсиң» деп айтып уялтканым эсимде. Экөөбүз 2002-жылы сентябрь айында баш коштук. Баш кошконго чейин сүйлөшпөсөк дагы бат эле тил табышып кеттик. Эң кызыктуусу мен турмушка чыкканымды жолдошумду түшүмдө көргөн элем. Дал ошол түшүм өңүмдө ишке ашканда келин аябай таң калгам. Келин болуп келгенден кийин эң биринчи жолу пирог бышырсам сонун болуп бышкан. Кайын сиңдим «ии жеңе бизге ушундай пирог жасаган келин керек болчу» деп барыбызды күлдүргөн», - деди ал.

Каарманыбыз учурда мектепте мугалим болуп иштейт.

«Мугалимдик кесип ардактуу ары да түйшүктүү. Бирок ошондой болсо да чын дилим менен иштеп келем. 2013-жылы райондук «Жыл мугалими» сынагына катышып, 1-орунду алдым. Учурда Тынчтык корпусунун келишими менен америкалык ыктыярчы менен иштешип жатам. Ишибиз ийгиликтүү болуп окуучуларга терең билим берүүгө аракет кылып жатам. Окуучуларым менен ар дайым тыгыз байланышта болуп келем. Англис тилине кызыккан окуучулар абдан көп», - деди ал.

Тагдыр жеңе 3 уул, 3 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 453
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×