Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Ысык-Көл

Жеңеке: Түптүк 30 жаштагы Жаркын менменсинген жигиттерди көтөрүп чапкандан кийин «Балбан келин» атка конгон (фото)

Turmush -  

Түп районунун Долон айылынын тургуну Жаркын Кожомжарова иштегенине бир жыл боло элек мектепте дзюдо боюнча 50 эркек,10 кызды тарбиялап жатат.

«Айыл жеринин балдары башка балдарга караганда чыйрактыгы, эмгекчилдиги менен айырмаланат. Кудай буюрса 2020-жылдары тарбиялап жаткан балдарымдан Азиянын, дүйнөнүн кийинчирек Олимпиаданын чемпиондору сөзсүз чыгат деп ишенем», - деди машыктыруучу Жаркын Кожомжарова.

Жакында тарбиялаган балдары Манасиадада район, облуста байгелүү орундарды ээлеп келгенген соң, Жаркын Кожомжаров айылдаштары айткандай «Балбан келин» атка конуп калды. 30 жаштагы Жаркындын таржымалына кызыгып көрсөк, дзюдо боюнча спорттун чебеби, Азия чемпионаттарында 2005-жылы күмүш, 2006-жылы коло медалдарын машыктыруучусу Келдибек Эсеновдун убагында алыптыр. Андан башка алган сыйлыктарын айтып отурса ар биринин өз тарыхы бар. Жолдошу Турат Мамбетакунов экөө 2-класста окуган Тимур, 6 жаштагы Жанарбек жана 2,5 жаштагы Максат аттуу үч эркек баланы тарбиялап жатышат.

«Кесиби өзү туулуп, өскөн Каракол шаарындагы медколлежди аяктагандан кийин айылдагы ФАПта деле иштегенге орун чыккан, бирок «Балбан» келинибизге айылдын балдар-кыздарынан дзюдодон тарбиячы болуп бериңиз деген сунуш түшкөндөн кийин, буулугуп калган келинибиз бат эле макул болгондуктан, аны үй түйшүгүнөн такыр бошоттук. Эртең менен мектепке кетет да тайпага бөлүнгөн шакирттери көп болгондуктан түнкү саат 10до араң үйгө кайтат», - деди 5 баланын энеси, 50 жаштагы кайненеси Гүлбайра Урмакеева.

«Жаркынды алып келгенде анын спортчу экенин билген эмеспиз, аны унаа менен алып келип, көшөгөгө кийирип койгонбуз. Кийинчерээк бир майрамда менменсинген жигиттерди көтөрүп чапкандан кийин анын балбан экенин билдик», - дейт аяшы Дастан Үмөталиев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3295
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×