Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Баракелде

Ак алтын менен кооздолгон таажы: «Россия сулуусу-2018» наамын 18 жаштагы студент кыз жеңип алды (фото)

Turmush -  «Россия сулуусу-2018» наамына 18 жаштагы Юлия Полячихина татыктуу болду. Ал сыйлык катары ак алтын, баалуу таштар менен жасалгаланган таажы, 3 млн рубль (48,8 доллар) жана унаа алганын сынактын басма сөз кызматы маалымдады.

Чувашиялык Ю.Полячихина «Дүйнө сулуусу» жана «Аалам сулуусу» сынактарына Россиянын атынан катышуу укугуна ээ болду.

РИА Новости басылмасынын маалыматына караганда, мектепти алтын медаль менен аяктаган Юлия фитнес-аэробика жана бадминтон (спорттун түрү) менен алектенет.

Сынакта 2-орунга белгораддык Виолетта Тюркина жана 3-орунга якутиялык Наталье Строева татыктуу болду. Ошондой эле «Элдик тандоо» наамы тувалык Норгьянма Монгушка ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 610
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×