Turmush - Кадамжай районунун Тамаша айылында 1988-жылы туулган классташтар суу чыгаруу үчүн каздырылып жаткан скважина үчүн 50 миң сом беришти. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Абдуллазиз Сарымсаков кабарлады.
Анын айтымында, Тамаша айылында сугат жана таза суу негизги көйгөйгө айланган. Айылдыктар бир нече жолу кайрылуу жасашканы менен жыйынтык чыкпай келет.
Мындан тышкары классташтардын демөөрчүлүгү астында футбол боюнча мелдеш өткөрүлүп, жеңүүчү командалар сыйланды. «Жаштар» коомун түзүү боюнча демилге көтөрүлдү.