
Turmush - Милициянын полковниги Коңурбаев Таалайбек Жумаевич Ноокат РИИБдин тергөө кызматынын жетекчиси кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка 11-апрелде ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров кол койгон.
Т.Коңурбаев АКИpress агенттигине кайрылып, аны ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу буйрук мыйзамсыз экенин билдирди. Ал бул боюнча сотко кайрыла турганын кошумчалады.
Буга чейин Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Жигиталы Дубанаев кызматынан бошотулганы маалымдалган. ОИИБдин басма сөз кызматы Ноокат РИИБдин башчысынын милдетин убактылуу Жаныбек Исаев аткарып жатканын билдирген болчу.
Ноокат районунун Бостон айылында кызга жолугуу үчүн барган жигиттин сабалышы жана экинчи жигиттин каза болгондугу тууралуу окуянын иликтениши боюнча Ноокат РИИБдин башчысын, Ноокат РИИБнин тергөө кызматынын жетекчисин кызматтан алуу сунушталган.
Ош ОИИБнин басма сөз кызматы аталган сунуш 10-апрель күнү Ош облусунун прокурору Айбек Турганбаевдин төрагалыгы астында кезексиз координациялык кеңеште айтылгандыгын кабарлаган болчу.