Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Нарын

Фото — Кочкордо жөө жүргүнчүнү унаасы менен сүзүп өлтүргөн айдоочу ооруканага түштү

Turmush -  Кочкор районунун Ак-Жар айылында кечээ, 15-апрелде жол кырсыктын кесепетинен жөө жүргүнчү каза болуп, айдоочу жабыр тартты.

ӨКМдин маалыматына караганда, саат 19:57 чамасында Кочкор—Кум-Дөбө ички чарбалык унаа жолдун 15-чакырымында «Ауди 100 С4» үлгүсүндөгү унаанын (мамлекеттик номуру В77-91V) айдоочусу жөө жүргүнчүнү сүзгөндөн кийин даракты сүзүп токтогон. Жол кырсыктын кесепетинен жөө жүргүнчү – 1974-жылы туулган Б.Э. ошол жерде көз жумган. Ал эми айдоочу – 1960-жылы туулган К.С. тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.

Окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары жөнөтүлүп, алар каза болгон жарадын денесин ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал эми Нарын облустук ЖКККБнын кызматкерлеринин маалыматына караганда, 15-апрель күнү кечки саат 20:00 чамасында Кочкор районунун Ак-Жар айылында жол кырсыгы катталган. 48 жаштагы айдоочу «Ауди» үлгүсүндөгү автоунаасы менен Ак-Жар айылынан Кочкор айылына баратып 54 жаштагы жөө жүргүнчүнү сүзүп алган. Анын кесепетинен жөө жүргүнчү окуя болгон жерден каза болуп, айдоочу ооруканага түшкөн.

Бул кырсык боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3017
Көп окулду
×