Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Ысык-Көл

Түптө милициядан качкан «Тойота» талкаланды: Жабыркагандардын жакындары жол көзөмөлдөөчүлөрдү сабап салышты (фото, видео)

Turmush -  Түп районундагы жол кырсыктын кесепетинен 24 жаштагы жигит көз жумду. Бул тууралуу күбөлөр Turmush басылмасынын кабарчысына билдиришкен.

14-апрелде Түп районундагы Балбай айылына кире бериште катуу ылдамдыкта бара жаткан «Тойота Авенсис» унаасы жолдон чыгып, бир нече жолу оодарылып кеткен. Унаанын ичинде айдоочу жана 3 жүргүнчү болгон. Жарактан чыккан унаанын ичинен жүргүнчүлөрдүн бири каза болуп, жабырлануучулар ооруканага жеткирилди.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, «Тойота Авенсис» унаасынын айдоочусу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлеринен качууга аракет кылган. Күбөлөрдүн айтымында, окуядан кийин талкаланган унаанын артынан келе жаткан тартип сакчыларын райондук прокуратуранын өкүлдөрү ээрчитип кетишкен.

Ал эми Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы Turmush басылмасына билдирген маалымат боюнча, 14-апрелде Түп районунда «Жолдо жүрүүнүн эрежелерин эскертүү жана түшүндүрүү» рейди жүргүзүлгөн. Анын алкагында саат 15:30 чамасында Түп РИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери катуу ылдамдыкта жүрүп бара жаткан «Тойота Авенсис» унаасын токтотушкан. Бирок айдоочу талапка баш ийбестен катуу ылдамдыкты улантып, качып кеткен. Тиешелүү жобого ылайык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчү кызматкерлер катуу ылдамдыктагы унаанын артынан түшкөн. Ал эми унаа болжол менен 800 метр жүргөндөн кийин башкаруусун жоготуп, талкаланган абалда табылды.

Ошондой эле расмий орган жол кырсыктын кесепетинен Күрмөнтү айылынын 24 жаштагы тургуну Б.С. оор жаракат алып, окуя болгон жерде көз жумганын тастыктады. Унааны ушул эле айылдын 25 жаштагы тургуну башкарып бара жатканы белгилүү болуп, учурда дарыгерлер жабырлануучуларга жардам көрсөтүп жатышат.

Кийинчерээк Turmush басылмасы каза болгон жүргүнчү менен жабырлануучулардын аты-жөнүн тактады.

Каза болгон жүргүнчү — Күрмөнтү айылынын 1994-жылы туулган тургуну Б.Санжар.

Жабыркагандар:

- Күрмөнтү айылынын 1996-жылы туулган тургуну Т.Калыйнур (башынан, беш мээсинен жаракат алып, кабыргалары сынган. Дарыгерлердин кароосунан кийин Ысык-Көл облустук оорукананын травматология бөлүмүнө которулду);

- Күрмөнтү айылынын 1994-жылы туулган тургуну А.Нурсултан (башынан, баш мээсинен жана көкүрөк тарабынан жаракат алган).

- Күрмөнтү айылынын 1993-жылы туулган тургуну Ж.Максат (баш мээсинен жана көкүрөк тарабынан жаракат алган. Дарыгерлердин кароосунан кийин Түп райондук аймактык оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылды).

Кийинчерээк Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдиргендей, кырсык болгон жерде документтерди толтуруу учурунда жабырлануучулардын туугандары — болжол менен 20га жакын адам чогулган. Алар жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу кызматкерлердин денесине жаракат келтирип, видеожетондорун тартып алышкан. Кызматкерлер оорукана түшкөн. Бул факты да каттоого алынып, топтолгон материалдар тиешелүү органдарга өткөрүлдү. Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 341-беренеси («Бийлик өкүлдөрүнө зомбулук көрсөтүү») боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иштери уланууда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5550
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×