Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Нарын облусу 15.04.2018 14:53

Ат-башылык Ислам жөө күлүк окуучулардын рекордун жаңыртты

Turmush -  Нарында кечээ, 14-апрелде уюштурулган мектеп окуучуларынын спартакиадасында Казыбек уулу Ислам 1,5 миң метр аралыкка чуркоодо атаандаштарынан алдыга чыгып, облустагы рекорддук көрсөткүчтү жаңыртты. Бул спорттук таймашка аймактык кабарчы да күбө болгон.

Ислам көрсөтүлгөн аралыкты 5 мүнөт 15 секундда чуркап өттү. Ал Ат-Башы районундагы А.Койчуманов атындагы орто мектебинде 8-класста билим алып жатат. Сабактан кийинки бош убактысын спорт менен машыгууга арнай турганын кошумчалады.

Башкы байгени тагынган жөө күлүк эми окуучулар арасындагы республикалык спартакиадада күч сынашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×