Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Ысык-Көл

Боз-Учук айыл өкмөтүнүн башчысы К.Тыналиев 30 жашында жол кырсыктан каза болду (фото)

Turmush -  Ысык-Көлдөгү Ак-Суу районунун аймагында болгон жол кырсыктан Боз-Учук айыл өкмөтүнүн башчысы Кыдыр Тыналиев оор жаракат алып, көп узабай көз жумду. Бул маалыматты райондун акими Улан Дөкөнбаев Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

Жол кырсык бүгүн, 14-апрелге караган түнү саат 03:00 чамасында унаа Энчилеш айылы тараптан келе жатканда болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, 30 жаштагы К.Тыналиев башкарууну жоготуп, унаа жолдун четине чыгып кеткен. Оор жаракат алган жабырлануучу ошол жерде каза болду. Ал унаанын ичинде жалгыз болчу.

К.Тыналиев Боз-Учук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 2 жылдан ашык убакыт эмгектенди. Анын артында жубайы жана 3 жаш баласы калды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5483
Көп окулду
×