Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Жалал-Абад

Информатик мугалим Гүлзада Матаева 80ден ашык окуучуга бийдин түрүн да үйрөтөт (фото)

Turmush -  Жалал-абаддык информатик мугалим Гүлзада Матаева бий ийримин ачып, учурда 80ден ашуун окуучуну тарбиялоо менен эл аралык сынактарга да катышып жатат. Элеттик мугалим менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, окуучуларга бий үйрөтүүдөн рахат алат.

«Өзүм мектепте окуп жүргөн кезде, университетте да бийлеп жүрчүмүн. Сабактан кийин бий ийримдерге барып жүрүп үйрөндүм. Мектепти аяктагандан кийин ЖАМУнун педагогика факультетинде информатика сабагынан мугалимдик кесипти алып, мугалим болуп иштеп жүрдүм. Ал ортодо турмуш жолуна аттанып, жолдошумдун колдоосу менен кайрадан өзүм кызыккан бий ийримин ачып, окуучуларга бий үйрөтүүнү баштадым. Мектепке чейинки курактагы жана окуучу кыздар менен иштешүү бир топ ыңгайлуу болот. Мисалы балетте 2-3 жашынан баштап тарбияласа, бизде 5-6 жаштан тарта бий үйрөтөт», - дейт жаш мугалим.

Ал үчүн окуучуларга информатика сабагына караганда бий үйрөтүү ыңгайлуу.

«Жумасына эки жолу балдарга кошумча сабак өтөм. Бир тайпада 20дан окуучу бар. Учурда мен 4 тайпага сабак өтүп жатам. Алар менен иштешүү мага рахат тартуулайт. Мен тарбиялаган кыздар өлкө ичинде уюштурулган бир топ сынактарга катышып, алдыңкы орундарды багындырып жатышат. Мисалы, өткөн жылы 10 кызым Ысык-Көлдө өткөн “Ысык-Көл досторун чакырат” сынагынан башкы байгени алып келишти. Ал эми бир кызым 20-майда Бишкек шаарында өтүүчү сынакка жолдомо алып, даярданып жатат. Буйруса андан да ийгилик менен кайтабыз деген тилегибиз бар.

Алдыга койгон максаттарым чоң. Башкысы ушул бойдон эки кесипте бирдей эмгектенгим келет. Ошондой эле бийге кызыккан жаштарды тарбиялап, өлкөбүздүн желегин чет жактарда да желбиретүүнү көздөйм», - деди Г.Матаева.

Элеттик мугалим учурда бир баланын апасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1147
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×