Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Нарын

Жеңеке: Анара Сыдыкова жолдошу менен китепканадан таанышып, бир ай өтпөй турмуш курушкан

Turmush -  Нарын шаарынын 48 жаштагы тургуну Анара Сыдыкова жолдошу Муканбет Мамыров менен үй-бүлө очогун тутантып келе жатканына быйыл 28 жылдын жүзү болду. Бул жылдар аралыгында Анара жеңе жолдошуна көмөк көрсөтүп, оорун колдон, жеңилин жерден алууга аракет кылат. Учурда үйдө отурса да кол өнөрчүлүк менен алектенип, жумуштан кайткан жолдошун жагымдуу маанайда тосуп алуу менен унаасынын тазалыгын да көзөмөлдөйт. Анара жеңе менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, жолдошу менен китепканадан таанышып, андан бир ай өтпөй турмуш курушкан.

«Менин бала чагым Нарын районунун Кара-Кужур өрөөнүнүн Лахол айылында кызыктуу көз ирмемдер менен өттү. Ушул эле айылдан орто мектепти бүтүрүп, 1989-жылы Нарын шаарындагы педагогикалык окуу жайдан мектепке чейинки билим берүүчү мугалим адистигин алгам. Андан кийин өзүбүздүн айылдагы китепканада иштеп жүрүп, жолдошум Муканбет менен тааныштым. Андан 1 ай өтпөй мени ала качып кеткен. Ошол жылдан бери турмуштун ачуу-таттуусун бирге татып келебиз. Турмушка чыккандан кийин Нарын шаарындагы мурунку Тянь-Шань китепканасында, андан кийин №15 “Бактылуу балалык” балдар бакчасында тарбиячы болуп эмгектенгем. Ал жактан СССР тараганда жумушчулар кыскартылып, базарда 1993-жылдан 2000-жылга чейин нан, манты сатып, киреше табууда жолдошума жардамдаштым.

Ошондой эле үйдө бош отурбай кол өнөрчүлүк менен дагы алек болом. Улуу кызымды турмушка узатканда септи өз колум менен камдап бергем. Учурда жер төшөк, жаздыкча, жууркан жасап, аларды үйдө колдонуп, бир туугандарыма да белек кылам. Андан сырткары аялзаты сүйгөн гүлдүн бир нече түрүн өстүрүп жатам», - деди ал.

Жолдошу Муканбет Мамыровдун айтымында, Анара жеңенин ачык-айрым, тамашакөйлүк сапатын жактырган. Азыркыга чейин аны иштен кайтканда ысык тамагын даярдап, жагымдуу маанайда тосуп алып, унаасынын тазалыгына кам көргөнүнө ыраазы.

«Мен мал доктурлук жана айдоочулук кесиптердин ээси болдум. Бирок мал доктур болуп иштеген жокмун. Окууну аяктагандан тартып эле айдоочулук менен ушул күнгө чейин алектенип, үй-бүлөмдү камсыз кылып келем.

1990-жылы Лахол айылындагы китепканага китеп алганы барып, жубайым менен таанышып калгам. Ал ачык-айрым, тамашакөй, жөнөкөй сапаты менен арбап алган. Ага үйлөнүү сунушун киргизбей эле, жумуш учурунда ала качып кеткем. Ушул күнгө чейин жубайым ар кандай жагдайларда колдоо көрсөтүп, жумуштан келсем даамдуу тамагы, жагымдуу сөзү менен тосуп алып, ал гана эмес айдаган унаамдын ичи-тышын тазалап турат. Жубайымдын балдарыма берген татыктуу тарбиясына, мага, бир туугандарыма болгон жакшы мамилесине ыраазымын», - деди М.Мамыров.

Ал 1990-жылы шаардык балдар бакчасын тейлөө бөлүмүндө, ыкчам жол башкармалыгында, мал дарылоо бөлүмүндө айдоочу болуп эмгектенген. 18 жылдан бери жүргүнчүлөргө кызмат кылып келет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2568
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×