Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 13.04.2018 14:03

Жаш талант: Досунун арты менен спортко келген Калысбек джиу-джитсу боюнча Кыргызстандын чемпиону болгон (фото)

Turmush -  Майрамкан уулу Калысбек спорттун джиу-джитсу түрү менен 2015-жылдан бери машыгып, бир топ ийгиликтерге жетишип келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Майрамкан уулу Калысбек 2001-жылы Талас облусунун Байкай-Ата районуна караштуу Кеӊ-Арал айылында төрөлгөн.

«Азыркы учурда Кант шаарындагы №25 лицейде окуп жатам. Азиянын чемпиону болгон досум Азыков Дастан спортко келишиме түрткү болгон. Бир күнү көчөдө жөн эле жүргөн жеримен, "жүрү мени менен спортко барып көр, балким жагып кетет" деп калды. Ал кезде 2015-жыл болчу. Алгач барган күнү эле балдар менен тил табышып, агайымдын машыктыруу ыкмалары жагып, спортко келишим керек экенин түшүндүм. Ошондон бери машыгып келем.

2016-жылы джиу-джитсу боюнча эл аралык турнирде 1-орунду, ушул эле спорт менен Кыргызстандын чемпионатында 1-орунду, 2017-жылы самбо боюнча Кыргызстанда өткөн мелдеште 1-орунду, ушул эле жылы джиу-джитсу боюнча эл аралык мелдеште 1-орунду алсам, быйыл 2018-жылы Азия чемпионатында 3-орунду ээледим. Келечектеги максатым Кыргызстандын желегин желбиретип, элимди дүйнө жүзүнө тааныткым келет», - деди ал.

Спортчу үй-бүлөдө 5 бир туугандын төртүнчүсү.

«Менден улуу 3 эжем жана иним бар. Азыркы учурда Ысык-Ата районунун Ивановка айылында жашайбыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×