Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Баракелде

«Ош» базардагы өрт: Болжолдуу маалыматтар боюнча, атайлап өрт коюлган, - ӨКМ

Turmush -  Бүгүн, 13-апрелге караган түнү «Ош» базарында чыккан ири өрттүн болжолдуу себеби айтылды. Алдын ала маалыматтар боюнча, базарга атайлап өрт коюлган. Бул туурлауу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов билдирди.

Анын айтымында, мындай пикирди сатуучулар да айтып жатат. «Өрт дароо 2-3 жерде башталган, бизге өрт тууралуу кийинчерээк билдиришти. Өрт тууралуу маалымат саат 03:50дө түштү. Учурда 14 атайын техника, 96 өрт өчүрүүчү иштеп жатат. Саат 07:40 өрт чектөөгө алынды», - деди ал.

ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Адилбек Чаргынов билдиргендей, өрт тууралуу маалымат саат 03:50дө түшүп, саат 03:55те базарга өрт өчүрүү бөлүмү барды. «Борбордук имаратты ("Берекет базары") толугу менен өрт каптаган. Азырынча өрт толугу менен өчүрүлө элек», - деди ал.

А.Чаргынов сатуучулардын базардын аймагына кире албай жаткандыгы тууралуу даттануусуна жооп берип, ал жердеги абалды аныктоо үчүн убакыт талап кылынарын билдирди.

«Учурда өрт-сыноо лабораториясы иштеп жатат. Бизге белгилүү болгондой, өрттүн 3 очогу бар. Анын ар бири текшерилет. Билдирүү абдан кеч түшкөн», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1409
×