Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Баракелде, Бишкек 13.04.2018 10:14 На русском

«Ош» базарындагы ири өрт (дрон менен тартылган сүрөттөр)

Turmush -  «Ош» базардын өрт чыккан аймагында 14 атайын техника жана 96 өрт өчүрүүчү иштеп жатат. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов билдирди.

«Өрт тууралуу билдирүү саат 03:50дө түштү. Аталган жерге эң биринчилерден болуп өрт өчүрүүчүлөр барды. Учурда 14 атайын техника, 96 өрт өчүрүүчү кызматкер иштеп жатат. Алардын арасында тез жардам кызматы менен "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери бар», - деди ал.

Анын айтымында, болжолдуу маалыматтар боюнча базарга атайлап өрт коюлган. Мындай пикирди сатуучулар да айтып жатат. «Өрт дароо 2-3 жерде башталган», - деди К.Ахматов.

Өрттүн жалпы аянты 1500-2000 чарчы метрди түзөт. Өрттүн кесепетинен «Берекет» кичи базары толугу менен күйдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×