Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Баракелде, Бишкек 13.04.2018 07:55 На русском

Фото — «Ош» базарда кайрадан чыккан өрттүн кесепеттери

Turmush -  Бишкек шаарындагы «Ош» базарынын аймагында кайрадан өрт чыкты. Өрт тууралуу маалымат бүгүн, 13-апрелде саат 03:52де түшкөнүн ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов билдиргендей, учурда өрт кырсык болгон жерде 20 өрт өчүрүү бөлүмү жана 86 өрт өчүрүүчү иштеп жатат. Өрттүн аянты болжол менен 1500-2000 чарчы метрди түзөт.

Сатуучулар базардын аймагына саат 04:00дө келишкенин, бирок аларды киргизбей жатканын белгилешти. Алардын бардык товары өрттөнүп кеткен. Сатуучулар келтирилген чыгымды 1,5 млн сомго баалап жатышат.

Жыл башынан бери «Ош» базарынын аймагында 3 жолу өрт чыкты. 30-январда Бишкек шаарынын Ленин районунда жайгашкан «Ош» базарында ири өрт Өрттүн жалпы аянты 3,5 миң чарчы метрди түзгөн. Анын кесепетинен 2 адам жаркат алган.

Ошондой эле 5-март күнү «Сейтек» кичи базарындагы өрт учурунда 700 чарчы метрге жакын аянт өрттөнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×