Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Баракелде

Бишкекте жаш кыз кафеге чакырган таанышын достору менен сабап, телефонун тартып алган (фото)

Turmush -  Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан тоноо кылмышына шектелгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, 10-апрель күнү шаардын тургуну бир нече жаран күч колдонуп, телефонун тартып алганын билдирген. Тергөө иштеринин жүрүшүндө жабырлануучу менен тааныш кызынын ортосунда чыр чыкканы белгилүү болду. Аталган кыз болуп өткөн окуяны сүйлөшүү үчүн жабырлануучуну кафеге чакырган. Шектүү кыз ал жерге өзүнүн эки досун жана курбусун ээрчитип келген. Андан кийин шектүүлөр жабырлануучунун унаасы менен белгисиз тарапка багыт алып, жолдон күч колдонуп анын телефонун тартып алышкан.

Жабырлануучу алардан качып кетүүгө жетишип, дүкөндөрдүн бирине кирип, коопсуздук кызматкерлеринен милицияга телефон чалууну өтүнгөн. Айтылган дарекке Октябрь РИИБдин кызматкерлери жана мобилдик батальондун экипажы жөнөтүлгөн. Милиция кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин негизинде 4 шектүү кармалды. Алар укук коргоо органдарынын кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, талаптарга баш ийген эмес.

Колго түшүрүлгөн шектүүлөр 1988-жылы туулган С.А., 1990-жылы туулган К.А., 1999-жылы туулган Ж.к.К. жана 1991-жылы туулган А.А. экени аныкталды.

Аталган факты боюнча Октябрь РИИБдин тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексиндеги 167-берененин (тоноо) жана 341-берененин (бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) негизинде кылмыш иш козгоду.

Шектүүлөр ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7306
Көп окулду
×