Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Баракелде, Бишкек 12.04.2018 12:44 На русском

Бишкектеги соода борбордун кассасынан 1 млн сомдон ашык акча уурдап, Россияга учуп кеткен шектүү кармалды

Turmush -  Бишкек шаарындагы соода борборлорунун биринде 1 миллион сомдон ашык акчаны уурдап кеткен шектүү кармалды.

ШИИБдин маалыматына караганда, 2-апрель күнү жабырлануучу арыз менен кайрылып, 2017-жылдын июнь айында соода борбордун кассасынан 1 миллон сомдон ашык акча жоголгонун билдирген. Соода борбордо иштеген кызматкер (реализатор) аталган суммадагы акчаны уурдап, Россияга учуп кеткен. Ал жабырлануучуга акчаны кайтарып берүүнү убадалап, бирок аткарган эмес.

Бул факты боюнча Свердлов РИИБдин тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексиндеги 164-берененин (уурулук) негизинде кылмыш иш козгогон.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин негизинде аталган кылмышка шектүү деп 1978-жылы туулган Н.Д. колго түшүрүлдү. Ага эч жакка чыкпоо талабы коюлуп, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×