Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 11.04.2018 15:06

Тогуз-Тородогу митинг: 3 милиция кызматкери жана 1 тургун ооруканага кайрылды

Turmush -  Тогуз-Торо районундагы митингден улам 3 милиция кызматкери жана 1 жаран ооруканага кайрылды. Бул тууралуу облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси Маматжан Миянов билдирди.

Анын айтымында, митингден улам жараат алып кайрылгандар такталууда.

«Алардын экөөсү ооруканага жаткырыла турган болууда. Алардын аты-жөндөрү такталууда», - деди ал.

Өздүк булактар Turmush басылмасына билдиргендей, ооруканага төмөнкү адамдар кайрылган:

- Р.Бердалы, 1987-жылы туулган, Каргалык айыл башкармалыгынын жашоочусу, Тогуз-Торо РИИБдин кызматкери. Ал баш мээси чайкалып, бетинен жараат алган;

- Б.Айнагүл, 1966-жылы туулган, Каргалык айылынын жашоочусу, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген. Анын баш мээси чайкалган;

- Т.Роналд, 1984-жылы туулган, Каргалык айыл башкармалыгынын тургуну, Тогуз-Торо РИИБдин кызматкери. Анын баш мээси чайкалып, бетинен жараат алган.

- А.Нарынкүл, 1970-жылы туулган, Тогуз-Торо айыл башкармалыгынын жашоочусу, Тогуз-Торо РИИБдин кызматкери. Анын баш мээси жабыркап, бетинен жараат алган.

Бүгүн, 11-апрелде Тогуз-Торо районунун тургундары «Джи Эл Макмал Девелопинг» ишканасынын кайрадан иштешине каршы болуп, митингге чыгышты.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, митингге чыккандар ишкананын имаратын өрттөп салышты.

«Нааразычылыкка чогулгандар ишкананын өкүлдөрү элдин талаптарын аткарбаганын айтып, имаратты өрттөп жиберишти. Учурда чогулгандар өздөрүнүн талаптарын айтышууда. Болжол менен митингге 800дөн ашуун эл чыкты», - дешти жергиликтүүлөр.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×