Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 11.04.2018 15:03 На русском

Тогуз-Тородогу митинг боюнча милиция түшүндүрмө берди

Turmush -  Бүгүн, 11-апрелде Тогуз-Торо районундагы алтынды кайра иштетүүчү «Джи Эл Макмал Девелопинг» ишканасынын кайра иштөөсүнө каршы болуп, митингге чыккан элге 30 адамдан түзүлгөн ведомство аралык комиссия түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, жолугушууга 1000ге жакын жергиликтүү тургун чогулган. Бирок түшүндүрүү иштери башталганга чейин чогулгандар комиссия жана коомдук тартипти камсыздаган милиция кызматкерлери тарапка таш ыргыткан. Учурда комиссиянын мүчөлөрү коопсуз жерге жайгаштырылды.

«Чогулгандардын басымдуу бөлүгүн жаш жигиттер түзөт. Алар алтынды кайра иштетүүчү "Джи Эл Макмал Девелопинг" ишканасынын аймагына кирип, тосмону бузуп баштаган. Ошондой эле курулуп жаткан курулуштарды, үйлөрдү жана техниканы өрттөп жиберишкен», - деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерге өрт өчүрүү кызматы чакырылган. Бирок жолду жеңил унаалар тосуп калгандыктан өрт чыккан аймакка барууга мүмкүн болгон эмес.

Учурда милиция кызматкерлери толугу менен коомдук коопсуздукту камсыздап жатат. Алар жергиликтүү органдар менен бирге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Аталган факты боюнча алдын ала териштирүү иштери башталды жана ал жыйынтыкталганда юридикалык баа берилет.

Бүгүн, 11-апрелде Тогуз-Торо районунун тургундары «Джи Эл Макмал Девелопинг» ишканасынын кайрадан иштешине каршы болуп, митингге чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, митингге чыккандар ишкананын имаратын өрттөп салышты.

«Нааразычылыкка чогулгандар ишкананын өкүлдөрү элдин талаптарын аткарбаганын айтып, имаратты өрттөп жиберишти. Учурда чогулгандар өздөрүнүн талаптарын айтышууда. Болжол менен митингге 800дөн ашуун эл чыкты», - дешти жергиликтүүлөр.

Буга чейин заводдун иштөөсү калкка зыянын тийгизет деп нааразы болгон тургундар 1-мартта митингге чыгып, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө мөөнөт берип тарап кетишкен болчу.

Жаңыдан курулуп жаткан заводду июнь айында ишке киргизүү пландалып жатат. Алтынды ылгап алуучу завод айына 165 кг алтынды ылгоо мүмкүнчүлүгү бар экени айтылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×